Добавить статью
16:44 22 Февраля 2016
Жакшыдан жаман туулбашы керек

Айрыкча, кыргыз эли байыртадан эле көзгө көрүнгөн, колго кармалган, акылына таанылган, кулагына угулган, искелип жыттанган нерселердин баарына ат коюп, атынан чакырганды эреже тутуп, мүмкүн болушунча аларга тең ата мамиле кылганды мурас кылып, «чөптү кордосоң, көзгө зыян», «иттин ээси болсо, карышкырдын кудайы бар», «эмнени кордосоң, ошонун азабын тартасың» – деп, бардык нерселерге аяр мамиле кылууга үйрөтүп, аларды таберик катары укумдан тукумга өткөрүп берип турушкан. Ал тургай заттардын аталышы, маани-маңызы тууралуу: «Атын атасаң, кутусу сүйүнөт», «Ала кушту атынан айтып чакыр», – деген дагы ушул сыяктуу макалдарды чыгарышкан.

Көчмөн эл пайдаланган, урунган нерселерине, анын түзүлүшүнө, аткарган кызматтарына жараша аттарды берген. Заман өзгөрүп, доор алмашкан сайын биздин жашоо-тиричиликке дагы көптөгөн буюм-тайымдар кирди жана да кирип жатат. Алардын баарын кыргызчалайбыз дей берсек, бардык нерсенин баркын кетирген болобуз. Ошондуктан айрым нерселерди которуунун кажети жок. Тескеринче, бөтөн тилден кирген сөздөрдү төл сөз кылып албасак дагы, кыргыз сөздүгүнө кошуп, тилди андан ары байытуу керек.

Кыргыздын макалдары ушунчалык көп, ошол эле учурда ар түрдүүлүгү жана маани-маңыздуулугу менен айырмаланат. Бир адамга көп нерсе айтып олтурбай, бир макал, лакап же икая менен кыска эле түшүндүрүп коюуга болот. Бирок мунун дагы бир жагы макал-лакаптарды көп айтып, көп колдонсоң «жаман адам – макалчы, жаман эчки – сакалчы», – деп, тетириленте тепкендер да чыгышы мүмкүн. Көрсө, макалдата сулуу сүйлөгөн адамдын өзүнүн жүрүм-турумунда көптөгөн көйгөйлөрдү көргөндөр: «өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт», «сынчынын сыңар өтүгү майрык», – деп, көпчүлүк көңүлгө албайт экен. Демек, алтын уюкту табуунун өзү чоң машакаттуу иш, ошон үчүн адамга, күнүгө адам болуу кыйын.

«Жамандан жакшы туулат, адам айтса ынангысыз. Жакшыдан жаман туулат, бир аяк ашка алгысыз», «Жамандан жакшы туулса, сүйлөшүүгө теңи табылбайт, жакшыдан жаман туулса, өпкө чапсаң да эми табылбайт», – деп айтылгандай, көп учурларда жакшы адамдын атын артында калган уул-кыздары булгап, алардын аттарына наалат келтиришет экен. Демек, жакшыдан жакшынын туулушу дагы азап тура. Ал эмес, улуттук мурасыбыз болгон «Манас» эпосун эле алалы, эпосто Айкөл Манастын атасы Бай Жакып адамдан малды, баладан бийликти өйдө көргөн адам катары сыпатталса, анын баласы Эр Манас «... чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган...» эр азамат атыгып, улуттун туткасы атыкты. Кыраакы кыргыз, кеменгер кыргыз Семетейди атасындай кылып баатыр кылып чыгарыш үчүн, Манасты курман эттирди, Сейтекти Семетейден өткөн алп баатыр, элдик баатыр кылыш үчүн атасын «кайып» кылып жиберди. А эгер, алардын аталары тирүү болгондо, улуу адамдын, асылзаттын көлөкөсүндө калып, же ата даңкына эсирип, көптүн бири болуп калышмак беле, ким билет? Бул мисалдарды бүгүнкү заманга которуп деле, толгон-токой мисалдарды келтире берсе болот. Көрсө, атадан артык туулса, болот. Атага тең туулу өтө кыйын, атадан кем туулу азаптын азабы тура. Себеби сөз өзүңө эле эмес, ата-энеңе, жети ата, жете-жотоңо чейин жетип, наалат келтирет турбайлыбы.

«Атадан артык туулса болот» дегенибиз, «жамандан жаандай, жакшыдан мөөндөй уул туулат», – дегендей жоош, эч нерсе менен иши жок момундун баласы тикенектей тирикараак чыгып, эл чогулган жерде кеп айтып, калк мүдөөсүн айтып, көпчүлүктүн көөнүнө уюп, сөзгө алынат. Айтылуу, акындардын алпы Токтогул Сатылганов: «... Топто балаң жок болсо, балам бар деп мактанба», – деп айтып кеткениндей, жалаң эле, «келе бакан, куу союл», – деп, найза кармап, кылыч шилтегендер эле баатыр эмес, көпчүлүктүн көйгөйүн эч кимден тартынбай айткан, каруусун казык, азуусун ашык кылып, элге кызмат кылган азаматтар дагы эр аталган, шер аталган. Андан сырткары, «жакшыдан жакшылар гана туулат» деп ким кепилдик бере алат? Мунун өзү чоң маселе...

Жакшы ата-энеден туулган баланы эки нерсе бузат. Биринчиси, жаман таалим-тарбия болсо, экинчиси, айлана-чөйрө. Азыркы ата-энелер көбүнчө балдарыбызды макоо, өзүмчүл, жалкоо жана өтө эле баёо кылып тарбиялап жаткандайбыз. Биздин балдардын тарбиясына бала бакча, мектеп жана ата-эне, анча-мынча чоң ата, чоң эне катышып калганы менен коомчулук сыртта калып жатат. Илгери деп эле айта берейин, тагыраагы мындан 30-40 жыл мурун эле баланын же кыздын тарбиясына бир айылдын эли толугу менен катышчу. Тентектик кылып жаткан же учурашпай койгон баланы айылдын каалаган тургуну тарбияга (кулагын чоюп, башынан матек алып, анча-мынча «какыс-кукус» кылып) чакырып коюуга укугу бар эле. «Кызга кырк үйдөн тыюу», – деген накыл сөз жалаң эле кыздарга эмес, «Керегем сага айтам, келиним, сен ук. Уугум сага айтам, уулум, сен ук», – дегендей муундун бардык өкүлүнө таандык болгон. Ал эми азыр кошунанын баласын эмес, өзүңдүн бир тууганыңдын баласын «тек, жөн олтур» деп тыя албайсың келиниңен чочуп. Бул жол, кайдыгерлик биздин нарк-насилибиздин, салт-санаабыздын тымтыракайын чыгарып, азыркы күндөгү өзүнөн өзү жоголуп бара жаткан батыш өлкөлөрүнүн тас кейпин кийгизип коюшу мүмкүн. Ошон үчүн элдик тарбиядан, жамааттын тарбиясынан качпайлы, мүмкүн болсо жардам сурайлы. Биз кээде жөн эле: «Элдин иши эмне?», «Эч кимдин иши болбосун», «Өзүм каалагандай жашайм», «Балдарымды өзүм каалагандай тарбиялап алам» ж.б.д.у.с. өтө ойлонулбаган, өзүм билемдик алешем ойлорго чырмалып алып эле, ойду-тоону карабай чамгарактай беребиз. Ал эми жыйынтыгында эмне болот, «акыр заманга жакын аялдар өзүнө өзү кожоюн төрөйт», – деп айтылган даанышман ойдогудай, өзү төрөп өстүргөн, бөпөлөп баккан баласы көрсөтөт анан көргүлүктү. Акылга салгандар чынында адашат.

Ким эле баласынын жаман болушун, начар чыгышын каалайт. Бирок анын себептерин көз жаздымда калтырып, көп көңүл бурбай калып жатпайлыбы. «Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы», – дегендей, биздин билбегенибизди башкалар билип, баланы тарбиялоодо көмөгүн көрсөтмөк. Эл менен эсептешип, элдин сөзүн угуп, уят эмне экенин билип чоңоймок. Эмне үчүн оптуу, жөндүү эскертүүгө, тарбияга коомчулуктун катышууга укук албашы керек. Тетирисинче, алар милдеттүү. Болгону «энеси болушчактын кызы ыйлаак», – деген сыңары азыркы жаш энелер эске алса деген ой. Антпесе, «бир үйдүн жарыгы, экинчи үйгө тийбейт», «башы оорубагандын Кудай менен иши жок», – деп айтылгандай, «меники жакшы болсо болду, башкасынын мага десең «доңузу копсун»», – деп кол шилтеп кетерибиз айдын ачык нерсе. Бул жагын дагы эске алалы. Жардам берейин дегендерди жаман көрбөйлү.

Биз жогоруда ата-эненин, ага-кошумча коомчулуктун таалим-тарбиясын же чөйрөнүн баланын тарбияланышына тийгизген таасирлери тууралуу кеп салып жатабыз. Мына ошол инсандын калыптанышына, коомдон өз ордун табышына чөйрөнүн дагы ролу өтө зор экендигин баса белгилегибиз келет.

Мисал катары биз сиздерге таеке-жээндердин туугандык мамилелериндеги күңгөй-тескейлерине жана аларга байланышкан айрым бир макал-лакаптардын маани-маңызына, өзөк-өлчөмүнө көңүлүңүздөрдү бургубуз келип турат. Себеби көөнө кыргыз тарыхында, азыркы мезгилде деле таята-таенесинин колунда чоңоюп, эр жеткенде элин издеген, атасын издеген окуялар көптөп саналат. «Кан билет» дегенибиз менен көпчүлүк учурларда атасын же элин издөө ой өзүнөн өзү келип кала бербейт да. Ага «жан тарткан бирөөлөр» шыкакчы болот эмеспи: «сен деген жээнсиң, урууң бөлөк, элиң бөлөк, тентиген кулсуң, тегиңди билбейсиң», – деген дагы ушуга окшогон сөздөр ич ара чырдан, көрө албастыктан же энчи бөлүштүрүүдөн келип чыга берген. Башкасы айтпаса, теңтуштары айтып, ызаалантканданбы же чындап эле кан билеби, ким билет, айтор, акылы-эси кире баштаган эр азаматтар өзү тууралуу айтылып жаткан сөздөргө көңүл бура башташат. Бүт баары болбосо дагы, дээрлик көпчүлүгү.

Мына ушул жээндерге карата кыргыз элинин чыгарган бир нече накыл-насааттарын, макал-лакаптарын дагы сиздердин назарыңыздарга сала кетели. Алсак: «Жээн эл болбойт, желке тон болбойт», «Жээн келди дегиче, жети бөрү келди десеңчи», «Тага журт жээним дейт, жээни элим дейт», «Таекемден тай артык», – мына урматтуу окурман бул айтылган улуу сөздөр дагы турмуштун айдан ачык чындыгынан келип чыккан. «Карышкырды канча бакпа, баары бир токойду самайт», – дегендей жээн балдарды канча бөпөлөп өстүрбө, жүрөгүңдү төшөбө, төшөк болуп салынып, жабуу болуп жабылганың менен ал өзүнүн элин самап турат, өз туугандарын жакынсынат, каны тартат. Бирок мунун эч кандай жамандыгы жок, кынтык издөөнүн өзү да туура эмес. Себеби баарыбыз кимдир бирөөлөргө жээнбиз, кайра бирөөлөр бизге жээн, бул – турмуштун бузулгус заң-мыйзамы, эреже-тартиби. Бул турмуштук окуялар биз үчүн сабак болсо дагы, эсибизден чыгып кетип жатат...

Кыргыз эли макал-лакаптарды жөндөн жөн эле жарата бербептер, буга дагы турмуштун ачуу окуялары себеп болуртур. Мына ошондой окуялардын бирин сиздерге сунуштайлы. Бул окуя Кетмен-Төбө өрөөнүндө болжолдуу XIX кылымда болуп өтүптүр. Ысагаалы аттуу кадырлуу, мал-жандуу адамдын кызы Жумгалдык жигитке турмушка чыккандан кийин, кайсыл бир жылдары кеч күзгө жакын, атайын даярданып алып, төркүндөрүнө төркүлөп келип калат. Чынында эле кызды сыйлаган жагынан кыргызга эч бир улут жетпесе керек. Кыргыздар байыртадан эле кыздарын көрктөнтүп кийинтип, оор жумуш кылдырбай, төргө олтургузуп, ашык сөз айтпай, «кыз киши конок болот», – деп сыйдын эң жакшысын көрсөтүшкөн. Ал эми төркүлөп келген кызга, баласынын кыркын (жаңы төрөгөн – К.О.) чыгарганы келген кызга (келинге – К.О.) өзгөчө мамиле кылышкан.

Төркүлөп келген кызды «жүрүп кетсин, сый көрүп кетсин» деген Кетмен-Төбөлүктөрдүн салты бар экен ал мезгилде, ошол салтка ылайык туугандарынын бардыгын кыдырып сыйын көрүп кеткиче, кашайып кар жаап, бел жабылып, кайындарына кете албай атасынын төрүндө, жол ачылганча, жаз келгенче жүрүп калат. Төркүлөп келген кыз кош каат экен. Төрөй турган күнү келип, ай-күнү жетип, толгосу башталат. Аттигиң, «аялдын бир ажалы төрөттөн», – дегениндей, ымыркай тураланып туруп калып, эки жан бир өмүргө байланып, турган элдин айлары алтымыш жеринен үзүлүп, эмне кылаарын билбей, аргалары куруйт. Ал учурда азыркыдай медицина өнүгө элек.

Ата-энеге баладан кымбат, баладан артык нерсе барбы? Кызынын кыйналганын көргөн эненин жүрөгү сыздап бүк жыгылат, атанын өпкө-боору сыгылып, жүлүнү сыздайт. Бирок көпкө ойлонуп олтурууга убакыт тар, тезирээк чечим кабыл алуу керек. Кемпир-кесектин баары кыздын атасын тиктешет. Ошондо, Ысагаалы аксакал: «Болору болду, бул дагы Кудайдын буйругу, тагдырга моюн сунбаска чара барбы. Экөөнү бирдей өлтүрүп алмак белек, жок дегенде баланы сактап калалы. Курсагын жарып, баланы аман сактап калгыла», – деп буйра сүйлөп, эч кимге көз жашын көрсөтпөй, мамыдагы байланып турган атын минип, элден боюн ала качып, жалгыздыкты самап, атын ой келди бастырып кетип калат. Эне байкуш кантсин, курсагы жарылган, жансыз сулк жаткан кызынын, туулбай жатып энесинен айрылган, жанды сыздатып ыңалап ыйлаган ымыркайдын, өмүр менен өлүмдүн кармашына күбө болгон кемшеңдеп ыйлаган кемпирлердин, жоолуктары көз жашка чыланган келин-кесектердин жанында бир эсин жоготуп, бир эсине келип кала берет. Атаганат, ажалдан улук нерсе барбы, керек болсо, таш жүрөктүүнү дагы солк эттирет го.

О, тагдыр, сага акараат сөз айткандан дагы коркобуз. Адам баарын көтөрөт, көтөрүшү керек, бул анын тагдыры, көтөрбөскө чарасы канча? «Өлгөндүн өзүнүн шору», – дегендей, өлгөн адамды сый-урмат менен жайына беришет. Кыздын кайындарына жол жабык болуп, кабар айтылбайт. Кызынан калган чүрпөнү «кызымдан калган белегим, кызымдын кардын жарып, аман алып калдык, аты Кантөрө болсун», – деп, атын коюп, «өзүмдүн уулум», – деп, чакан жентек той өткөрүп, «кыздын кызы» дегендерди катуу урушуп, аларга тыюу салып, бала кылып багып алат. Ал аңгыча болбой кычыраган кышты кубалап, желигип жаз жетип, жазды кубалап, жайкалган жай мезгили дагы кирип келет. Тосулган белдин баары ачылып, каттамдар кызуу көбөйүп калган мезгилде, бүлөсүн кайра алып кетиши үчүн жоро-жолдош, тууган-туушкандарын алып, кыздын күйөөсү кайындарына келип түшөт. Эмне дешмек эле, келген тарапка аялынын төрөттөн каза болгондугун, баланын чарчап калгандыгын айтышып, чуу көтөрүп өкүрүшүп, куран окутушуп, кудаларын, күйөө баласын жөнөтүп жиберишет.

Кантөрөнү Ысагаалы аксакал бапестеп, эркелетип, каалаганын кылдырып, тайларды туйлаттырып, жоргодон жорго тандап мингизип, кирпигине чаң жугуздурбай багат экен. Арадан он сегиз жыл өткөндөн кийин кимден укканы белгисиз, жылкы теппей, эчки сүзбөй эле Кантөрө: «Ата, мен чоңойдум, эр жеттим, эми өз элиме кетейин, уруксат бериңиз», – деп атасынан уруксат сурап, босогодон өтпөй, тике карабай, жерге олтурбай туруп алат. Ысагаалы аксакалдын асман-жери аралашып, олтурган жери көчүп, кулак-башы чуулдап, заматтын ортосунда баягы калбаатын жоготуп, күнгө күйгөн чыттай бозоруп, чүкөдөй чалга айлана түшөт. Эх, жашоодо эмнелер гана болбойт, байкуш чалдын ичинен кан өтөт, кызы өлгөндө да мындай болбогондур, бул эмне дегени? Өз кызынын курсагын тирүүлөй жардырып, кызын эмес, небересинин жанын аман алып калайын дебеди беле, «жашоомдун маңызы болдуң» деп өз уулунан артык көрбөдү беле, Кантөрөгө болушуп, көп адамдын көңүлүн оорутпадыбы беле...

Эч сөз айтканга алы келбеди, көзү караңгылады, жаны жер тартты. Үн чыгарып, жооп бергенге кубаты жетпеди, эптеп башын ийкеген болду. Бирок кантсе дагы эл атасы, журт атасы эмеспи, өзүн колго алды, бүт кайратын жыйнады. Бала-бакырасын, тууган-туушкандарын баарын чогултуп, тууган кеңеш өткөрүп, жээн небересин өз элине узатуу үчүн камылга көрүүнү буйруйт. Кантсе дагы акылман киши тура, баргандан кийин кантип күн көрөт, туугандары кантип кабыл алат, баарын эске алып, бардык жарак-жабдыгы менен келишкен боз үй жасаттырып, кемкарчын толуктатып, малдан өз энчисин, жылкыдан бир үйүр, короодон тандап кой бөлүп, саан ичкенге деп уюларын кошуп, жалгыз барбасын деп өзү баштаган чоң топ болуп, кең Жумгалга барып түшүшөт. Жумгалдык кудалары өлгөнү кайра тирилгенсип, жоголгону эми табылгансып, чоң той берип, келген куда тамырды улуу ызаат, сый-урмат менен сыйлап узатышат.

Кайтып келе жатып, өз айылы, өз үйүнө жакын калганда Ысагаалы аксакал чындап эле карманаарга алы келбей калганбы, же шайтан сайдыбы, аны азыр айтуу кыйын «жакалуунун жаны башка», – дегендей адамдын эмне ойлонуп, эмне кылганы жатканын бөлөк жан билеби? Айтор үйүнө өлгөн адамга өкүргөндөй өкүрүп, Кантөрөнү кадимкидей жоктоп түшкөн дешет, көргөндөр. Атаганат, элден өткөн сынчы жок, көпчүлүк: «Капырай десең, тирүү кишиге дагы өкүрөбү? Деги жакшылык эле болсо экен», – дешип, ар ким ар кандай жоромолду айтып, ачык эле жактырбагандыгын билдиришет. Арадан туптура кырк күн өткөндөн кийин Жумгалдан кабар келиптир: «Эч кандай оорубай-соолубай туруп эле Кантөрө өтүп кетти», – деген...

Мына урматтуу окурманым, жашоонун сабагы менен маңызы, сыйлыгы менен жазасы, «ойлонулбай айтылган сөз, ой келди иш – онтобогон ооруга, айыкпаган кеселге жолуктарат», бул турмуштун философиясы.

Эми экинчи жагын карайлы, кыргыздын уламалуу чечени Жээренчеден Жаныбек хан: «Жакшыдан жаман туулабы?» – деп суроо салганда, чечен: «Жакшыдан жаман туулбайт», – деп кыска гана жооп берип койгон экен. Демек, жакшыны жаман кылып тарбиялап жаткан өзүбүз турбайлыбы. Себеби өзүң өзүмчүл болгонуң аз келгенсип, балдарыңды өзүмчүлдүккө тарбияласаң, эки жакты таанытып билгизбесең, акыры зыянын өзүң тартасың. Туура, бүгүн заман башка, жашоонун азыркы философиясы дагы өзгөргөн. Мисалы ошол эле жээндерге байланышкан макалды азыр башкача айтса болот. Алсак: «Жээн эл болот, таекеси жарашса, желке тон болот, тикмечиси жарашса», же педагогика илимдеринин доктору, профессор Момуналиев Сатканбай агайдын: «Жээн эл болот, эгер таекеси эстүү болсо. Желке тон болот, эгер, тикмечиси эптүү болсо», – деп айтканындай тууганды тууган кылып алуу, тууганды душман кылып алуу дагы өзүбүздүн кылган амалдарыбызга жараша болот.

Биз «жети атабызды билели» деп аталык линияны эле казып иликтей бербестен, энелик линияга дагы өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Себеби тукумду эркек өзү эле оңдоп алалбайт, «тукумду эне оңдойт, эне бузат», көп учурда «үрөн эмес, үрөн түшкөн жер» маанилүү дейт. Айтылуу Санчы сынчы айткандай: «Эгер үрөн какыраган жерге түшүп калса, айласы эмне болот?», – дегениндей, «атасы жаман аста-аста оңолот, энеси жаман эзели оңолбойт» дегени мыкты эне жакшы тарбия-таалим берип, адам кылып оңдойт экен. Ошол үчүн кыргыз эли: «Эр тайын тартат, ит атасын тартат», – деп өз укум-тукумунан болбосо, таеке тарабын карап, «тайларын тартыптыр» деген сынын берген тура. Ошон үчүн кыргыздар кыздарын таза, аруу, кандуу тарбиялаганга аракет жасап, кам көргөн. Тукуму жакшы болушу үчүн көп аракеттерди жасашкан. Ал эми мыктылар атайын сынчыларды чакырып, сындатып, тандатып анан жар күткөн. Жашоодон сабак алалбаган, турмуштан сабалып жүрүп, таланып өтүп кетет. Ал эмес жырткычтар дагы тукуму үчүн күрөшөт. Таза муун, тек – улуттун келечеги...

О.Э.Капалбаев

И.Арабаев атындагы КМУнун

Окуу башкармалыгынын башчысы,

тарых илимдеринин кандидаты, доцент

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...

Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери

Элдик даанышмандык

Сөздүн күчү, сындын сыры

Карга акенин миң санаты

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь