Добавить статью
11:22 18 Января 2016

Сөздүн күчү, сындын сыры

«Тил жүрөктүн тилмечи», - дегендей мээде орун алалбай ойдологон ойду, жүрөктү өйүгөн купуя-сырды, жанды тынч алдырбай түйшөлткөн ачуу-таттуу сезимдердин баарын адам тили менен жеткирет. Ойлонгондо айтканга оңой болуп турганы менен сүйлөй келгенде тилиң өзүнөн өзү күрмөлүп, айтайын деген ойлор айтылбай изин таптырбай чачырап, айтыла турганы эмес башкасы айтылып, ооз кургап, тердеп-тепчип бир нерсе айткандай болгонуң менен эл сени талдап-тандап, байкап-баалап, тыңдап-сындап олтурат. «Акырын бассаң аксак, катуу бассаң таскак» дешет дегендей көп нерсени айтып элдин кыжырына, азыраак сүйлөйм деп көп нерсени айталбай калып, «айтып коюп өмүр бою өкүнгөнчө, айтпай коюп бир өкүнгөн жакшы» же тетирисинче болуп, жер тепкилеп, санын муштап калгандары дагы жок эмес.

Деги ким эле жаман сүйлөгүсү келсин. Баарыбыз эле уккулуктуу, көркөмдүү жана таасирдүү сүйлөгөндү жакшы көрөбүз. Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн кийин «кандай сүйлөдүм, жакшы сүйлөдүмбү?» деп өзүңдүн көңүлүңө толо сүйлөсөң мойтоңдоп, начар болуп калса көрүнгөн себепти айтып актанып жатып калмай адатыбыз дагы бар. Бул жерде баса белгилеп коюучу бир жагдай бар, «... акыр заманда атасынан баласы чечен чыгат», - деп Калыгул олуя айтып кеткендей, азыр экинин бири чечен, үчтүн бири сөзмөр, ондун бири олуя.

Ал эми азыркы мезгилде баарыбыздын эле уккулукту, кооз-көркөмдүү сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетип калганы менен «көп сөз, бок сөз» көп сүйлөбөй кыскараак айтчы, убактым аз», – деп кыртышы сүйбөй, а дегенде эле аңтара сүзгөндөр да бар экендигин айта кетишибиз дагы абзел.

Бул жерде бир аз токтоло турганы ар нерсенин «таасири» тууралуу болмокчу. Айтылган ойдун, чакырган ураандын, толгонгон насыйкаттын, тарбия башаты насааттын, санжыралуу санаттында таасири болбосо, ал бир айтылган, же делген нерсе гана болуп, «маң кайып» сыңары дайыны жок, абага сиңген буу сымал жок болот да кетет. Мынчалык болуп калды эми аксакалдардан уккан бир баянды мисал тарта кетели: Илгери дейт өткөн замандардын биринде айылдын бир тургунун кичинекей баласы бал жемейин тура албайт калат экен. Бал жеген сайын баланын тили көчүп, тамагы ооруганына карабай, ата-энесинин урушканына, балдын бекиткенине алданбай чыркырап ыйлап ата-энесинин айласын кетирет. Эмне кылаар айлалары кеткенде айылдын молдосу дем салып же дуба окуп бал жегенин токтотуп беришээр деген ой менен баласын ээчитип алып молдокеге жөнөйт. Молдоке болгон окуяны угуп болгондон кийин баланы туптуура кырк күндөн кийин кайра алып келүүсүн суранып, узатып жиберет. Кырк күн өткөндөн кийин атасын ээрчип келген баланы молдоке карап туруп: – «Балам, бал жебегин. Балды көп жеген болбойт», – деп гана коет. Көп нерсеге түшүнбөй калган неме баласын жетелеген боюнча үйүнө келет. Баласын байкап караса баягы кыялынын бири жок. Бир жума өтөт, балды сурамак турсун, эстейин деген түрү жок. Ойлонуп олтуруп баягы киши молдого ачуусу келе баштайт: – «Ушу нерсени кырк күндөн кийин кел дебей эле, ошондо эле айтып койсо эмне болот эле? Дуба окуп же дем салганын деле көргөн жокмун го», – деп кыжаалаттанган неме молдонун үйүн карай жөнөйт. Молдого болгон нерсени айткандан кийин, иштин жайын түшүнгөн молдоке баланын атасына жылмайып: – «Сен балаңды алгач мага алып келгенде, мен өзүм балды аябагандай жакшы көрүп жээчүмүн. Кырк күндөн кийин алып кел дегеним мен өзүм кырк күнү балды такыр оозанбай тазаландым. Өзүңдө жаман адаттар туруп, бирөөлөргө тарбия айтсаң таасири жок болот. Тарбияны баладан эмес өзүңдөн башташың керек» – деген экен акылман молдоке.

Демек, таасирдүү сөз же акыл айтыш үчүн кеңеш берүүчү өзү адеп-ахлактык жактан таза жана үлгүлүү болушу керек. Же болбосо: «Көр көргөнүн кылат, көсө түрткөнүн кылат», «Башчысы маңка болсо, жигити жинди болот», «Мугалими дудук болсо, окуучусу дүлөй болот», «Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба», «Балык башынан сасыйт» дегендей сенин деп, акылманданып айтып жаткан сөздөрүң кылган иштериңе, кулк-мүнөзүңө дал келбесе «баягынын баягысы» болуп ылакапка айлынып калышың тез эле.

Кандай шарттарда болбосун ар бир замандын өзүнүн акылманы, даанышманы, көрөгөчү, олуясы болуп келген жана боло берет. Бирок чыныгы касиет-касиреттин ээси же даанышман-олуя адам өзүн эч качан жогорудагыдай атоого жол берген эмес. Өзү жок жерде, көбүнчө көзү өтүп кеткенден кийин айткан акылдары, көрөгөчтүктөрү көп жерлерде эскерилип, асылзат экендиги айтылып жүрөт. Мына ошондой касиет жылоологон, таңдайында мөөрү, тилинде сөөлү бар, айтканы айткандай келген, тилесе батасы, каргаса каргышы тийген, төп өнөрдү ала жүргөн, өлгөндү күлдүргөн, кур намыскөйдү күйдүргөн, калың букараны сүйдүргөн атактуу куудул, олуя Куйручук XX кылымдын башындагы кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүн бир көрүп эле сын берген экен. Бул окуяны кыргыз элинин белгилүү жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнүн «Күлкү жана өмүр» деп аталган чыгармасында өтө кеңири сүрөттөп өткөн, анда ошол чыгармадан азыраак баян айтып, көңүлүңүздөрдү сынга буралы.

«Келечекти ким барып көрүп келиптир?» дегендей кимдин ким болоорун, кандай болоорун бир Жараткан гана билбесе эч ким билбейт эмеспи. Бирок Жараткандын берген мээримине, касиет-касиретине ылайык, айрым адамдарда мындай мүмкүнчүлүктөр болуп калаарлыгын угуп-билип, окуп-көрүп жүргөндүгүбүз дагы чындык. Мына ошондой касиетке ээ болгон атактуу Куйручук бир күнү эле жалбырттап, жалындап күйгөн чыгармачыл жаштардын ордосу болгон Жазуучулар союзуна барып калат экен. Өткөн доордо «ичинде курту менен уюткусу» болгондордун баары аш-тойлордо жолугуп, чер жазышып келишсе, жаңы заманда «Эркин Тоо», «Ленинчил жаш» газеталарынын, «Чабуул» журналынын тегерегинде жолугушуп, чыккан ырлар, жазылган чыгармалар тууралуу кызуу талкуу жаратышып, биринен бири өтүп таасирлерин бөлүшкөн жайга айланган. Ошондон уламбы же зээриккенденби, айтор, атактуу куудулдун өзүнүн келиши жаш таланттардын башын айлантып, толкундоолорун күчөтүп демиктирет. Кукең ансайын жаштардын черин жазып, акылдуу сөздөргө туз, мурч аралаштырып сүйлөп, боорун эзе күлдүрүп, ар кимисине сын айтып, сүрөп отурган мезгилде эшиктен жулунуп, шуулдап кирип келген Кубанычбек Маликовду карап калгандардан: – Бу, арабанын четки атындай жулкунган кайсы бала? (Аттигиң салыштарганын карасаңыз, орустардын кышкы чаналарга чегилген аттарынын эки четкиси көбүнчө, жүгү жеңил болобу же көйрөң азоо аттар четке чегилеби, жулкунуп турушат эмеспи – К.О.) – деп сурап калат. Бул суроого катуу каткырыкты салып Касымаалы Жантөшов: – «Малик уулу Кубанычбек деген балаңыз ушул» – дегенде, – Ээ-э, жыгырма сегизинчи жылы Суусамырга Жайлоо Советине чыканактай кара бала келди деген эле. Бул замандын алпы Каба уулу Кожомкул анда төрага болучу эле. Ичкериден келген мейман деп ошо алп Кожомкул ушу баланы үйүнө чакырып жетилген кара козу союп, чаначка кымыз чайкатып сый эткизгенде... бул бала эки чанач кымызды эки ирмеп жутуп, бир козунун этин үч сугунуп, майланышкан уурттарын колунун сырты менен жанып: – «Берген этиң ушул элеби?» – деп бошой калган чоң жыгач табакты тегеретип жибергенде... коркконунан өңү саруулап эси оой түшкөн Кожомкул алп араң сурады деген: – «... бул – чыканактай балаңардын ата, энеси тирүүбү?» – деп. Э-э бул баламды акын дедиң сен. Ооба, ооба, акындын тили учунда. Хи-хи... бир осол жагы: карды катуу тойгондо ырдайм деп ырдай албай энтигип калчу эле. Кепти кепке улай албай мертигип калчу эле. Э-э, кымыз ичип, эт жеште Кожомкул алптын жүрөгүн түшүргөн бала кеп даанасын эптеште кандай болду экен чамаң?...», – дегенде апыртып айтканда, күлкүнүн чыккан күчүнөн бөлмөнүн дубалы кошо кыймылдай түшөт. Көп жерлерде, өзү теңдүүлөрдүн арасында «Жаактууга жай бербеген, жайдак атка бой бербеген, айры баштуунун айласын кетирген» Кубанычбек Маликов өз шилекейине өзү чакап, дуңкуйуп жер тиктеп бир аз унчукпай калганы менен кайра эле жөн турбай мулжуңдап, жанында турган акындардын бирөөсүн: – «Бул балаңыз кандай?» – деп колу менен көрсөтө калат (Т.Сыдыкбеков бул жерден этикалык себептерден улам акындын атын так атоодон баш тарткан – К.О.). Куйручук буйдалбай, айтылып жаткан акындын ичине кирип чыккандай же илгертен эле билгендей: – «Кандай болсун. Сөзүн сыйласа бу балам жамакчы, өзүн сыйлабаса аракчы тура. Эмнесин айтайын...», – деп жооп бергенде жанатан бери карк жарыла күлүп жаткан жаштар күлкүнү токтотушуп, азда ойго термеле түшүшөт. Аңгыча болбой эле кыраан-каткырык чыгып жаткан бөлмөгө кирип келген Жоомарт Бөкөнбаевди одурая, кабак-кашын түктөйтө караган Куйручук: – «Чөккөн кара бууранын тизесиндей бапыйтып өз чачын өзү тебетей этип, кийип алган бу – кайсы бала?» – дегенде, – «Бөкөнбай уулу Жоомарт акын деген балаңыз. Бул балаңыздын өнөрү ушундай: чачын тармалдатып саксайтып башына кийип алат!» – деп жапылдап Кубанычбек Маликов жооп бере салат. – «Э-э, чунагым, өтүрүк айтпа «тармалдатып» деп. Энеси жорго кулундаган кулундун – жорголугу ошончо: ал жорго кулак жапырып сүлкүлдөгөндө арткы туягы алдыңкыдан карыш-сөөм ашык сермеле, соорусуна суу токтойт. Энеси күлүк кулундаган кулун аркар аяк, тайган төш келип, марага жакындаган сайын көкүлүн күнгө сермейт. Кош аягы эликче каргыйт. Энеси – күлүк болсун деп төрөгөн бала эки тизгин, бир чылбырды колуна алганда, кандуу ооз карышкыр болуп эки ийин кажыйт. Алы келсе элдин, алы келсе айылынын, алсыз болсо, өз үй бүлөсүнүн тынчын алат. Кара өзгөй шум, жемсөө атанат. Ак жүзү карайып кетет.

Бул баламдын несин сурайсың. Энесинен тармал төрөлүптүр. Акын дедиң – акындыгы нак! Айтса тили так. Жазса, каламы өткүр. Эбелекти (жеңил, учуп кете тургандай нерселерди – К.О.) талаадан кубалаганчалык желденмеси (шашмалыгы – К.О.) өзүнө кесир этпесе, бул – тармал балама Кудайым чоң өнөрүн бериптир. Өмүрү болсо, өргө чабар кези алдыда!».

Мына урматтуу замандаш, санчы сынчы, олуя деп ушул кишини айтса жарашат. Жоомарт Бөкөнбаевди өзү колго жасагандай эле айтып салыптыр го, чиркиндики. Ооба, бул залкар акын дүнүйөгө шашып келип, шашып кетип калгандай болгону менен кыргыз элинин маданиятынын казынасын байытып, тарыхка өзүнүн атын алтын тамга менен жазып калтырып кетти. Көп жашап, мааниси жок жашагандардан күн чыгыш менен күн батышчалык алыс кеткенин ажырата албаган айрымдар ушундай Улуу адамдарга сөз айтып, сын айткандан алыс эле болушса өзүлөрүнө жакшы болмок.

Жоомарт Бөкөнбаев оргуштап колго токтобой турган, улуу тоонун боорунан таштан ташка урунуп бой бербей аккан тентек булактай, өз кыймыл өлчөмүн өзү ооздуктай албай шашып жүрүп көптөгөн чыгармаларды жараткандан сырткары тоо булбулу, акындардын атасы Токтогулдун маданий мурастарын эл арасынан топтоп китепке айлантып, кыргыз адабиятына тоо көтөргүс байлыкты 34 жаштын ичинде эле калтырып кеткенине акылы таза адам таң калбай койбойт. Бирок өлүмгө дагы адамдын бир кемчилиги себеп болот турбайбы же болбосо туптура алты жылдан кийин машинадагы, күндө олтуруп жүргөн ордуна олтурбай Аманкул Куттубаев агайдын ордуна шашып барып олтуруп, машина кулап, аны басып, бул дүйнө менен коштошуп кете бериптир. Көрсө, көзү ачык олуя Куйручук анын чыныгы таланттыгын гана белгилебестен өмүрүнүн кыскалыгын дагы билген экен. Аны учурунда ким баамдаптыр, тагдырдан эч ким качып кутулган эмес.

Бөлмөгө акын-жазуучулардын эң акыркысы болуп Мукай Элебаев кичине күңгүрөгөнсүп, күлмүңдөгөнсүп кирип келет. Куйручук аны тике карайт. Бирок үндөбөйт. Жогорудагыдай сөз уккан, анча-мынча тердеп алган, жаак бетин бет арчысы арчынган Жоомарт Бөкөнбаев: – «Бул балаңызды кандай дейсиз?» – деп сурап калат.

Куйручук: – «Э, кандай деймин. Өңүнө жараша ичи бар экен», – дей салды дейт. Тургандын баары жымырап тынч тартып туруп калышат. Ал эми чынында Мукай Элебаев кичинесинен жетим калып, өзүнөн кийинки ини-карындаштарына атадай болуп, алардын түйшүгүн көп тартып, балалыктын даамын татпаган залкар, оор басырыктуу, ары ойчул, көпчүлүккө көп аралашпаганы менен китепти көп окуп, ыр чыгарып акын атыгып, чыгармаларды жазып жазуучу атыгып көптүн көңүлүнө кирип калган мезгил экен. Бирок анын кара тору бетин кара сепкил (чаар) басып кеткендиктен тургандар демек, «өңү чаар, ичи чаар» же акылман, ойчул деп жыйынтык чыгара же ачык сурай албай туруп калышат. Алардын оюн Куйручук менен Мукайдын өз алдыларынча күңгүрөшкөндөрү басып кетет. Бул окуя ошол боюнча табышмак бойдон кала берди.

Куйручуктун калыстыктан баш тарпагандыгын караңыз «жаш экен, көңүлү калып таарынып калат» дебестен билген нерсесин тарс эттире, эч кимге карабай айтып салды. Демек, Куйручук үчүн кадыр-барк күтүү дөөлөт эмес, калыстык дөөлөт экендигин айкындап жаткандыгын байкоого болот.

Бөлмөгө келген акын-жазуучулардын биринен сала бирине сын айтып жаткан кезде Куйручукка Касымаалы Жантөшев улам бир капталдан чыга калып, өзүнүн чечендигине салып, тигилерге кошо сын айтып, бирде Куйручуктун өзүнө дагы тийишип олтурат. Бирок Куйручук бир дагы сөз кайрыбай, көңүл бурбай сөзүн улай берет. Болгону Жоомарт Бөкөнбаевдин чый-пыйы чыгып чыдабай: – «Кукеме тийишпеңизчи, Касыке...» – деп аны тыйганга улам-улам аракет жасайт. Аны тоготчу Касыкеңби, кайра күчөп, куйкумдуу сөздөрүн, азилдүү тамашаларын, кер-какшыктарын күчөтүп, Куйручукту теңтушундай шакабага алып айтышкысы келет. Ушул жерин Түгөлбай Сыдыкбеков төмөндөгүдөй сүрөттөйт: «... Ушинткен Касымаалыны жактырбадыбы, не аны тоготподубу, сактандыбы? Айталбаймын. Азырынча Куйручук ага эч сын айтпады. Тек аны байкамаксанга салат. Кепти маселдете айтат. Каш-кабагы түктүйө, сакал, муруту, чачырай түшкөнү – болмушка, дүнүйөгө, өмүргө ой жүгүртүп, дайым ойдун көлүндө тереңдеп сүзгөндүгүнүн күбөөсү экени байкалат» – дейт.

Демек, канткен менен Куйручукка тиш салган Касымаалы Жантөшовго деле дем бериш керек. Себеби Куйручукка кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири дагы каяша эмес, ооз ачканга даабай жатканда, Касыкеңдин Кукемди омуроолошу деле оңой болбоптур. Бирок, «алдыраарда жаздыраар» дегендей анын ыңгайына кетип бара жатканын учурунда ал деле сезбесе керек.

Күлкү токтоп, кезек кимге келди эле деп эл ойлоно түшкөн маалда Касымаалы Жантөшов ар бир сөзүн таптап, тактап, артистенип Түгөлбай Сыдыкбековду колу менен көрсөтүп: – «Куке, мобу жаныңызда унчукпай олтурган балаңыз жөнүндө эмне айтасыз? Жанагы «Кең-Суу» китебин жазган ушу...» – дей салат. Куйручук кол жаңсаган тараптагы Т.Сыдыкбековго жүзүн буруп: – «Э, бу баламдын несин сурайсың. Ачык кабак жайык төш – азаматтын жаркыны, жамандык келбес колунан, жакшылык кетпес оюнан, ою тунук турбайбы. Унчукпаса, төп сүйлөр кеби күчтүү турбайбы! Бул баланын несин сурайсың!» – деп өз сынын айтат.

Ал эми Т.Сыдыкбеков ошол мезгилден туптура кырк үч жыл өткөндөн кийин гана ошол болуп өткөн чоң окуяны эскерип калың окурманга жеткирүүгө араң дааптыр. Бирок ошол жылдар ичинде Куйручуктун айткандарын эч качан эсинен чыгарбай, айтканы келеби же келбейби деп күмөн санап күн өткөргөн турбайбы, кайран асыл. Айткандай эле Куйручуктун айтканы төп келип Түкөм кыргыз элинин Бакайы аталып, жазган эмгектери, кылган эрдиктери, өмүрүнүн узактыгы менен кылымга теңдеш жашап өз теңтуштарынан ашып түшүп, алда кайдан жанган Чолпон жылдыздай жаркырап тургандыгын эч ким танбас.

Ал күнү күлкү, тамаша, сындын баары бүткөндөн кийин Куйручук олуяга сый көрсөтүп сыйлоо үчүн Жоомарт Бөкөнбаев, Алыкул Осмонов, Касымаалы Жантөшов жана Түгөлбай Сыдыкбеков төртөө Эл эркесин базарга алып барып чүйгүн тамактардан кенен алып, тамак үстүндө да акылдын учугун улап, кеп сандыгынын оозун ачышат. Ж.Бөкөнбаевдин шашмалыгынын ушундай жерлерде пайдасы көп тийчү эле дейт. Мындай нерселерди ары-бери уюштуруп, бат эле майрамга айлантып ийген чоң өнөрү бар экен. Анын үстүнө өзү дагы «жайыл дастаркон» болуп, конокко баргандан конок тосконду артык көргөн адаты дагы болуптур.

Куйручук дасторкон үстүндө: – «... Аш төрөсү – мантуу, пайгамбар жеген күрүч, анан мынабу кесмеси узун жарыктык лагманды ачуу шарапка аралаштырып, адал тамакты макрөөлөбөйлү... Башыңар жаш балдарым. Ат мертигип аксайт, азамат жутунуп аксайт. Ынсап – ырыс төрөйт. Кишини ит этчү – ач көздүк менен арамдык. Ач көз менен арамдын колунан келичү иш жамандык!

Өнөрдүү – жамандыкты өзүнө үйүр этсе, ошол өз өнөрүн өлтүрөт. Өнөрү өлгөндөн кийин ал өзү тээ Кызарттын белинде күнгө күйүп курумшу. Анын куну жок – өңү өчөт – өзү өлөт...

Заман силердики. Башыңар – жаш. Үмүтүңөр алдыда! Токтогул айткандай: өнөрлүү болсоң өргө чап, балдар! Эки аяктап басып, киши атын алып жүрүшүп, ит болгондор аз эмес» – деп түркүн түрдүү акыл-насааттарын айтып жатканда Касымаалы Жантөшов Куйручуктан кем калышпай өзү билген макал-лакаптарын, накыл сөздөрүн айтып жирей берет. Анда-санда Ж.Бөкөнбаевдин: – «Касыке койсоңузчу, Кукеме тийишпесеңизчи» – деген сөздөрдүн бирин дагы угуп койбой тентектенип, артистигин карматып, үнүн жасап сүйлөп, бирде орундуу, бирде орунсуз сүйлөп, кудулданып жүрүп олтурат. Бир кезде Куйручуктун сабыры түгөндүбү, ачуусу келдиби же ыңгайы келгенин сезгенби К.Жантөшовду одурая бир карап алып: – «Ушу сени энең кандай күнү төрөдү экен?» – деп калат. Эч нерседен капар албаган, тумшугунан жерге сайылаарын аңдабай калган К.Жантөшов шар эле: – «Менин энем орок оруп жүрүп эле мени талаада төрөп, өзү киндигимди кесип, өзү этегине ороп үйгө келген экен!» – дегенде, Куйручук мыйыгынан жылмайып, үнүн акырын чыгарып: – «Олда сенин энеңдин сабасынын кеңдиги ай!» – дептир. Мына «ойлонбой сүйлөгөн онтобогон ооруга жолугат» болуп, осолдонуп сүйлөп жатып, опосуз сөзгө жыгылган экен. Же күлөөрүн, же күйөөрүн билбеген байкуш Ж.Бөкөнбаев эле: – «Мына, ушуну укмаксыз, Касыке. Кукем менен айтышпа дедим беле...» – деп жатты дейт. Ал эми К.Жантөшовдун амалы кандай абалда калды аны бир Кудай менен өзү эле билбесе, аны азыр эч ким айта албайт.

Касымаалы Жантөшов кыргыз жазуучуларынын ичинен кара сөзгө балбандыгы жагынан баарынан ашса ашкандыр, бирок кем калбагандыгы анын жараткан «Каныбек» романынан эле көрүнүп турат. Бул романды шашпай көңүл буруп окуган киши алгач эле чыгарма кыргыздын макал-лакаптарына жык шыкалгандыгын байкайт. Андан сырткары учкул ойлордун, нарктуу кептердин, жаныбарларга, адамдарга берилген сындардын тизмектери, алтургай шумдуктуудай айтылган, чыдап окууга мүмкүн болбогон каргыштардын түрлөрүн дагы жолуктурууга болот. Бул нерселерди куйма кулактар же кара сөздүн балбандары гана жаза алат. Башка адамдын колунан келбейт. айрымдарыбыз окуган же айткан нерселерди эстеп калалбай жатабыз, башканы айтканда не?

Чыгарма жазуу менен эл алдына чыгып ошол эле окуяны айтып берүү экөө такыр башка нерсе. Эки түрдүү өнөр. Сөз менен иштеген кесип ээлеринин баары эле сөзмөр, чечен боло беришпейт. Айрыкча көпчүлүгү сөзгө сараң болушуп, кеп сурасаң «мен бардыгын баланча чыгармага жазып койгом, ошондон окуп ал» десе, кээ бири кирген суудай токтоно албай көп нерсени айтып, ансыз дагы түгөнөйүн деп калган мээңди «түтөтөт». Төрт тарабы шай келген, тагыраак айтканда, куйма кулак, тил чечендер тилекке каршы азыраак чыгат экен. Ал эми Касымаалы Жантөшов мына ушул эки өнөрдү тең ала жүргөн асылдардын бири болгон десем аша чаппайм. Бир эле мисал ал өзүнүн «Каныбек» романында кыргыз элинин 479 макал-лакабын катыштырып, романга кошкон.

«Каныбек» романын кайсыл советтик окуучу, советтик адам (Кыргызстандын аймагында) билбесин, учурунда талашып окуганбыз. Бирок анын сюжетине кызыкканыбыз менен сөздүн көркөмдүүлүгүнө, куралышына, сүрөттөлүшүнө анча көңүл бура бербептирбиз. Мүмкүн бүгүн анын бул жагын байкаганыбыз менен балким, кайсыл бир жаштан кийин башка жагына көңүл буруп калаттырбыз. Айтор, таң...

Жыйынтыктап айтканда, түмөндөгөн аскерди, кепке келбес кежирди, көзүн май басып көпкөн кашкелеңди, туура сөздү сүйлөбөс тууганчыл мансапкорду, жалкоолук менен дос болгон жалоокорду сөздүн күчү менен токтотуп, унуткус кылып жашоонун тарбия-таалимин берип койсо болот. Ал эми сындын сыры менен чырын баарыбыз эле өздөштүрө албайбыз. Ага өзгөчө касиет, талант керек. Ошентсе дагы «эл ичи – өнөр кенчи» дегендей дагы деле болсо кыргыз элинен Толубай сынчы, Жээренче чечен, Токтогул ырчы, Асан кайгы, Калыгул олуя, Арстанбек акын, Көкөтөй чечен, Куйручук олуя ж.б. сындуу кепти баккан, сөздү өстүргөн, сындын сырын билген сырттандар чыгаарына ишенели.

И.Арабаев атындагы

Кыргыз мамлекеттик университетинин

Окуу башкармалыгынын башчысы,

тарых илимдеринин кандидаты, доцент Октябрь Капалбаев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...

Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери

Элдик даанышмандык

Жакшыдан жаман туулбашы керек

Карга акенин миң санаты

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь