Добавить статью
18:03 10 Мая 2016
Элдик даанышмандык
«...Өмүргө тойбойт адамзат», – деп жан дүйнөнү какшатып, омуртка жүлүнүндү сыздатып, көкүрөк-көөдөнүңдү муңкантып кеткен ырдагыдай адамзат, сөздүн ачыгын айта турган болсок, өмүргө эле эмес көп нерсеге көзү тойбой келет эмеспи. Ал эми адамдын өмүрүн балалык кез, өспүрүм чак, бойго жеткен мезгил, үй-бүлөлүү, орун-очокту учур, күүлүү-күчтүү курак, улгайган убак, карып-арыган мезгил деп шарттуу бөлүп караганыбыз менен ар бир мезгилдин, ар бир курактын өзүнүнө гана тиешелүү болгон жан жыргалы, ырахаты, кумары, маани-маңызы болот. Демек, башка бир адамдын өмүрү, башканы айтпай эле өзүңдүн жашоо-тиричилигиң көз алдыңда өтүп жатса дагы, адамдын өмүрү табышмак болуп келе жатат.

Адамдын өмүрү, жашоосунүн өзү табышмак болгондон кийин, көп нерсе жандырмагы жок табышмак сыяктуу. Айрыкча, кыргыз эли оюна келгенди тарс эте айта салганды, ооз көптүрө сүйлөгөндү, ашкере акылдуусунганды, аңтаңдап шашканды, кайраты жок сабырсызды, ашык дөөлөттү, темтеңдеген текеберчиликти көп жактыра беришкен эмес. Тетирисинче, көп нерсени сырдуу кармап, ойлорун дагы туюк, кыйыр6 сыпайы айтып, өздөрү кыраакы, сезимтал болууга далалат кылышкан. Ошондуктан баарын болбосо дагы, көпчүлүктү «бир сырдуу, миң кырдуу болууга» үндөп келишкен. Айтайын дегенибиз кыргыз эли үйүнө келген коноктун ким экендигине, улутуна, динине, тилине, тегине карабай учурашып, амандашкан соң, дароо үйүнө кирүүсүн өтүнгөн.

Көчмөнчүлүк заманда эр адамдар турмуштун айынан же жок издеп, мал көздөп, эл, жер аралап көп жүрүшкөн. Үйгө түшкөн конокту, келээри менен эле үй ээсинин сурамжылап кириши одоно көрүнүш болгон. Тагыраак айтканда, келген коноктун шашылышы, шашпагандыгы же башка бир шарттар менен жүргөндүгүн анын колунда кармап жүргөн камчысынан эле билип келишиптир. Алсак, эгер, камчыны өтүгүнүн кончуна кыстарып үйгө кирсе, жатак конок болот, «конок камын көрө бер», – деген белги болгон. Эгер, камчыны ээрдин кашына илип калтырса, шашылыш экендигин билдирген. Эгер, камчыны жүргө сүйрөп келсе, душмандашкандыгын, камчыны мойнуна илип келсе, алдына түшүп, кечирим сурап келгендигин, камчыны бүктөй кармап келсе, кабар же өкүм угузганы келгендигин билдирген. Ошондой эле камчынын үй ичинде өрүмү ылдый карап илинип турса, үй ээсинин каза болгондугун туюндурган. Ошондуктан камчынын өрүмү сапка бүктөлүп, укка кыстарылган. Бул адат көчмөн кыргыз элинде эреже катарында катуу сакталган. Ал эми бүгүнкү күндө көп үйдө камчы илинип турганы менен эрежеси сакталбай, түшүнгөн адамдын зээнин кейитип илинип тургандыгы бул нерсени билбестиктен улам чыгып жатат.

Аялзатынын дагы кимиси кыз, келин, жубай, жесир, байбиче экендигин баштарына кийген жоолук-шөкүлөсүнөн, элечек, тебетейинен сырткары өрүлгөн чачтарынан эле баамдап, байкап коюшкан. Мисалы, кыздар – кырк өрүм же беш көкүл, келиндер, жубайлар – кош өрүм, кемпир кезектер төрөгөн баласынын санына жараша өрүп, чачпак тагышса, жалгыз бой, жесир аялдар – жалгыз өрүм менен жүрүшкөн. Ал эми чачпактын тагылышы байбиченин келе жатканын билдирип турса, эрек адамдар үйгө кирерде үнүн кырып же үн салып, добуш чыгарып кирген. Бул улуу жүрүм-турум маданиятына кирген [АТМ, 2003 : 3].

Албетте, замандын агымы, коомго жаңы буюмдардын кириши, этномаданий байланыштардын өнүгүшү көптөгөн улуттук баалуулуктарды өзгөртүп, анын ордуна башка элдердин салт-санаалары, үрп-адаттары, материалдык маданияттары кирип жатат. Мындай маданияттын кескин бурулушу улуттун кызыкчылыгына кандайдыр бир деңгээлде кедергисин тийгизиши мүмкүн. Биринчиден, миңдеген жылдар бою кыргыз элин, кыргыз улутун бириктирип келген, башка элдерге сиңирип, жок кылып жибербей сактап турган каада-салттар, үрп-адаттар, нарк-насилдер, улуттук баалуулуктар жоголуп кетүү коркунучунда турат. Экинчиден, дагы да сакталып турган материалдык жана руханий маданияттарды ааламдаштыруу процессине шылтоолоп жок кылгысы келген күчтөр бар экендигин эстен чыгарбоо зарыл.

Кыргыз элинин сырдуу, табышмактуу жана көп учурларда туюк сүйлөшүшү, кыраакылыкка тарбиялап өстүрүшү төмөнкү иш чаралардан даана байкалган. Алсак, кыргыз эли аш-тойлордо жасап жүргөн кадимки эле боорсоктун жасалышы дагы көп нерсени айтып турган. Келген конокту «эмнеге келдиң», – деп сурабаган өңдү эле, аштын же тойдун үстүнөн чыккан конок жакшылыкка же жамандыкка арналгандыгын дасторкондогу боорсоктун жасалышынан эле боолголоп билип алган. Көрсө, боорсок кыя (азыркы тил менен айтканда «ромб», кыргыз элинде көбөйүүнүн символун түшүндүргөн, аны оймо-чийме түшүрүлгөн бардык буюм-тайымдардан кездештирүүгө болот) кесилип жасалса, жакшылыкка арналган той (бешик той, жентек той, тушоо той, үйлөнүү той ж.б.). ал эми боорсок төрт бурчтуу кесилип жасалса, өлгөн адамга арналып жасалып жасалып жаткан жөрөлгөлөрдүн бири болгон. Боорсокту төрт бурчтуу кылып жасашынын себеби, өлгөн адам тирүүлөрдүн тынчын албасын, кайра келбесин деген тилектерин, каалоолорун билдирген [АТМ, 2003 : 3].

Кыргыздар байыртадан эле жасаган буюмдарына, аларга берилген түстөр аркылуу дагы көп нерселерди билдире турган белгилерди жасап келишкендиги бизге дайын. Мисалга алсак, боз үйдүн жыгачтарынын кызыл түскө боелушу жашоону, тирүүлүктү, туунун көк түскө боелушу, эркиндикти, азаттыкты, сырт кийимдин жашыл түскө боелушу, жаштыкты, ушул сыяктуу эле ар бир түс кыргыз элинин дүйнө таанымын, бай тажрыйбасын, турмуш-тиричилигин чагылдырып турган.

Дагы баса белгилеп айта кетчү жагдай, Кыргызстандын кайсыл дубаны, өрөөнү, айылына барба, үй ичинде түлкү менен карышкырдын терисинин илинип тургандыгын көрүүгө болот. Бирок эмне себептен илинип тургандыгын көпчүлүк аңдап биле бербейт. Үйдүн ээсинен же улуу муундун бардык өкүлүнөн сурасаң: «Баары эле илип коюшат экен, биз деле илип койдук. Кооздук үчүн го, билбейм», – деп эки ийинин куушуруп тим болот. Ал эми илинген терилер үйдүн ээсинин бай же мергенчи экендигин көрсөтпөйт. Үйдүн кооздугу үчүн дагы илинбептир. Көрсө, түлкүнүн терисинин илиниши, бул үйдө бойго жеткен кыздын бар экендигинен, карышкырдын терисинин илиниши, боз уландын, бойдок жигиттин бар экендигин билдирген сыпайы ишараты болуптур [АТМ, 2013 : 3]. Айрыкча, кыздын атасынын төрүндө көп олтуруп калышы, үй бүлөнүн, атанын намысына тийген. Ошондуктан бойго жеткен кызды, кудалап келген ылайыктуу жер болсо, калыңын бычып, кыз каадасы менен узатышкан. «Ата даңкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт», – дегендей атасынын даража-мартабасына жараша кудалашуу өнөкөтү жүргөн. Бирок кыздуу үй бүлө, кызы бар экенин кыйкырып айтып чыкпай, өтө чеберлик менен, түлкүнүн териси аркылуу эле кыйытып айтып коюшкан тура, мындай кыргыз элинин ойлоп чыгарган акылына суктанбай коюуга мүмкүн эмес.

Биз жогоруда илинип турган, билинип турган, колго жасалган, кадим кармалган, буюмдар аркылуу туюндурган сыпайы ишараттар, өтө кылдаттык менен билдирген туюнтмалар тууралуу кеп салдык. Эми акылдан акылды ашырган, уккан жанды таң кылган, суроосунан жообу күчтүү, жообунан суроосу мыкты акыл көрөңгөлөргө дагы токтоло кетели.

Арап тарыхчысы, саякатчысы, ойчулу Абул-Газынын берген маалыматтары боюнча Жаныбек хан 1473-1480-жылдары Орто Азиядагы түрк тилдүү элдерге хандыгын жүргүзүп турган мезгилде кыргыз элинин даанышмандары Жээренче чечен, Асан кайгы, Толубай сынчы, Токтогул ырчы [Солтоноев, 2003 : 181; Закиров, 1996 : 334; Махмуд Бен Вали, www.vostlit.info/Texts/rus15/Machmud_ben_Vali/frametext.htm] сындуу кептин кереметин, сөздүн сөлөтүн, ойдун ооматын, тилдин табын түшүнгөн касиет-касиреттүү залкарлар жашап өтүптүр. Мына улуу даанышмандардын бири Асан кайгыга Жаныбек хан эриккенденби же билгиси келгенби: «Ээ, Асан аке, дүйнөдө малга киришпей турган адам болобу?» – деп сурап калат экен. Себеби, көчмөн элдер үчүн байлыктын негизги эквиваленти мал менен эсептелип, «мал, боор менен барабар», «мал-жан аманбы?», «мал-жан аман болсун», – дешип, өзгөчө көңүл бурушкан.

– «Төлөн мырза малга киришпейт», – деп Асан кайгы ойлонуп олтурбай өзүнүн баласы Төлөн мырзаны айта салат. Ким эле өзүнүн баласын жаман десин, бирок жоопко шектенген Жаныбек хан эки жигитин чакырып: – «Асан кайгынын туу калган эки бээсин жайдак минип, кара терге аябай чөмүлтүп, Төлөндүн алдынан чыккыла, ал эмне десе, мага айтып келгиле», – деп буйрук берип жөнөтүп, күтүп олтуруп калат.

«Бөрк ал, десе, баш алган» жигиттер карап олтурмак беле, эки бээсин көл-шал кылып, кара терин кетирип Төлөн мырзанын алдынан чыгышса: – «Ээ азаматтар, астыңарга тердик салып минсеңер болбойбу, жайдак минип көчүгүңөр жорубайбы», – деп, бастырып кеткенин уккан Жаныбек хан экинчи жолу Асан кайгыны чакырып: – «Алдынан миң кол качырып чыкса, жалгыз беттешип чыккан азамат болобу?», – деп суроо салат. – «Болот, андай азамат Төлөн мырза», – деп Асан кайгы жооп берет. – «Кандай эле кыйын экен, жүрөгүнүн суусун алгыла», – жарак-чапкыты менен шайланган миң жигитин Төлөнгө аттантат. Атайын согушуу үчүн келе жаткан аскерден тайсалдап качып калбай, кармашып кирет. Чын эле эр жүрөк экендигин байкаган кол согушту токтотуп, болгон окуяны Жаныбек ханга жеткиришет. Ошондо хан Төлөн мырзаны чакырып алып: «Малга эмне киришпейсиң?», – деп биринчи суроосун салат. Төлөн мырза: – «Бери караса – маңдайы ысык, нары караса – соорусу суук, кыйкырса – жоо алат, ышкырса – жут алат, малдын эмнесине кайгырайын, андан көрө эр-азаматтын көңүлү калбасын дедим», – дейт. Жаныбек хан башын кичине ийкеген болуп: – «Миң колго кантип каршы чыктың?», – деп экинчи суроосун узатканда Төлөн мырза: – «Ажалы жеткен адам, бир эле кишиден өлөт, ажалы жетпеген адамды, миң киши да өлтүрө албайт, ок жолу – ичке, өмүр каш-кабактын ортосунда, качкан адам аман калып, качырган адам өлөөрүн ким билиптир. Тагдырдагы жазмыштан ким качып кутулуптур» [Закиров, 1996 : 334, 335], – дегенде Жаныбек хан, омоктуу айтылган ойго, орчундуу делген сөзгө сынып, амалы түгөнүп, үндөбөй олтуруп калган дешет.

Өткөн замандын эл башкаруучуларын канчалык заалим, канкор, кан ичкич көрсөтпөйлү, алардын коомдогу ордун, даражасын баары бир кемите албайбыз. Себеби жогорудагы акыл сынында баяндалгандай алар сөзгө жыгылганды билген. Сөзгө жыгылгандан мурун, алар өздөрү дагы акылды багып, сөзгө, кепке өтө маани беришкен. Эгер биз Жаныбек хандын берген суроосун эле талдай турган болсок, суроо өтө маанилүү дагы, маңыздуу дагы коюлган. Ошол эле учурда «эбепке себеп болуптур», – дегендей Жаныбек хандын суроосу жана сыноосу болбогондо акыл дыйкандарынын айткан даанышман ойлору бүгүнкү күнгө жетмек беле, ким билет?

Көл өрөөнүнөн чыккан белгилүү акелердин бири Мойут аке улуу сөздөн баштап, улуу-кичүүгө: – «Ой, бу жалганда эмне өлөт, эмне өлбөйт. Эмнеге айла бар, эмнеге айла жок», – деп суроо узатат. Арасындагы тыңыраактары: – «Тоо өлбөйт, таш өлбөйт, суу өлбөйт» – дешип, так жооп беришкенде, Сарт аке: – «Баракелде баатырлар, ошонун баары убактылуу болсо да өлөт. Тоонун башын ак бубактап туман басып, кар басса, тоо өлбөгөндө ким өлөт? Ташыңды бычыратып кум кылса, таш өлбөгөндө ким өлөт? Суу башына муз тоңуп, албууттугун токтотсо, суу өлбөгөндө ким өлөт? Өлбөй турган эмне? Кагазга түшкөн кат өлбөйт, жакшынын сөзү менен аты өлбөйт», – дейт. Андан соң Мойут акенин кийинки суроосун тактаганча? Бирөөсү: – «Бир өлгөнгө айла жок, бир жаманга айла жок», – деп калат. Сарт аке бул жооптун так эместигин айтып: – «Өлгөндүн айласы табылат: аруу жууп, ак кепиндеп көмүп койсо айласы табылганы. Эми жамандын айласы... Кирдүү аяктан аш ичирбей, жоргону мингизип, торкону кийгизип, үлпүлдөтүп бакса да, саламды алик албаган, жадагалса, эшигинин алдына келген адамдын атын алалбаган кош аяктар болот. Бул өтө эле жаман. Ийриси жок түз жаман. Мындай жаманга айла жок», – деп жооп бергенде, отурган эл да, Мойут аке да ыраазы болушкан экен.

Ошол эле отурушта Мойут акенин төмөндөгүдөй суроолоруна жооп кылган экен:

– «Кандай адам бай болот?», – «Үйүнө кут түшкөн, пейили кенен, колу ачык, тукуму өскөн адам бай болот».

– «Эркек деген ким, аял деген ким?», – «Эркек – үрөн, аял – жер. Үрөн жайсыз өспөйт».

– «Бул дүйнөдө ким карып?», – «Ынтымагы жок эл карып.

– «Бейиш эмне, тозок эмне?», – «Шариат жолу менен жүрсөң, эмгек менен, таман акы маңдай териң менен адам катары жашасаң – бейиш, шариат жолунан адашсаң, адамча жашай албасаң – тозок».

– «Кубаныч эмне, кайгы эмне?», – «Кубанычтын да, кайгынын да булагы көп. Чоң кубаныч балалуу болуу, чоң кайгы анын учуп кетиши».

– «Душман менен туугандын айырмасы кандай?», – «Күбүр сөз душман, так айтылган ачык сөз – тууган».

– «Бул жалганда эмне семиз?», – «Суудан семиз эч нерсе жок. Ал эми калган жандыктын бардыгынын семизи да, арыгы да убактылуу. Ал бардык жандыкка өмүр тартуулап, эне болуп турат».

– «Бул дүйнөдө не кордук, не олжо?», – «Отун олжо, суу кордук. Суу жок болсо өсүмдүк гана эмес, жан-жаныбар да өспөйт. Отун болбосо, адамдын жашоосу өтпөйт».

– «Өлүү менен тирүүлүктүн айырмасы кандай?», – «Тирүү жүрүп, өлүк болгон адам, өлүү болуп тирүү жүргөн адам бар. Жакшы атка конуу өмүрдөн кымбат. Жаман атка конуу өлүмдөн жаман. Жаман атка конуу оңой, жакшы атка конуу кыйын. Жакшы деген атты жоготуп коюу оңой, аны асырап жүрүү кыйын».

– «Бийлик эмне?», – «Бийлик – бул күйүп турган шам. Бир учурда күйөт, учуру келгенде өчөт. Бийлик колдо турганда тууганың да, душманың да айланаңа топтолот. Бийлик колдон кеткенде, алардын бирин көрүүгө зар болосуң. Бийликтеги адам түбөлүгүн ойлосо, кол алдындагылардын шагын сындырбай, боюна тартып жүргөнү абзел».

– «Чечен деген эмне?», – «Кеп учугун турмуш, жашоо-тиричилик, адам табияты менен айкалыштырып ары таасирдүү, ары өткүр, ары таамай сөз менен иритип айтпай, жибитип айтуу – чечендик. Чечен адам акыл булагын, сөз булагын табияттан да, элден да, жакшыдан да, жамандан да, кыскасы, бардык нерседен алат. Чечен айлакер, сөз устаты. Чечендик менен туюктан жол табылат. Чечендик – бийик даражалуу өнөр» [Улуу кыргыз көчү, 2006 : 165-187; Кыргыз элинин чечендик өнөрү, 2015 : 158-160].

Тилекмат аке: – «Адам денесиндеги мүчөлөрдүн толук болгону эле жакшы экен. Анын бирөө эле кемисе, жогун тартат экен адам. Деги адам мүчөсүнүн ээси, колдоочусу, жөнсалды айта салганда, атасы барбы?», – «Бар деп айтылат. Мен билгенимди айтып көрөйүн: баш атасы – мээ, бардык жанды жетелеп жүргөн ошол; чач атасы – жабуу; жүз атасы – бешене; каш-кабак атасы – көрк; көз атасы – элес, бардык нерсени көз аркылуу элестетебиз; кулак атасы – добуш; мурун атасы – жыт; бет атасы – чырай; тиш атасы – аш, «тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда» деген макал бар эмеспи; өпкө атасы – дем, дем тартып туруу деген өмүр эмеспи; таңдай, көмөкөй атасы – даам; бел атасы – жөлөк; тил атасы – сөз; жүрөк атасы – тиричилик; кол атасы – эмгек; бут атасы – кыймыл; ичеги-карын, бөйрөк жана боор атасы – жашоо...» [Улуу кыргыз көчү, 2006 : 165-187; Кыргыз элинин чечендик өнөрү, 2015 : 158-160], – деп Сарт аке аныктама берип өтүптүр.

Жогорудагы келтирилген мисалдардын баары акыл менен иш кылган, тыным албай акылын өстүргөн улуу-кичүү муундун бардык өкүлүнө арналган. Кыргыз элинин руханий байлыгын, мурунку калбаатын кайра келтирүүдө жаңы нерселерди ойлоп табуу менен эмес, эски, байыркы, көөнө нерселерди эске салганда гана ийгиликтүү жыйынтыктарын берет.

Кыргыз эли жашаган турак-жайына, тамак-ашына, кийим-кечесине, чарбасына, каада-салтына, нарк-насилине, ырым-жырымдарына өтө маани берип, аларды кийинки муунга мурас-таберик катары өткөрүп келишкен. Ал эми кыргыз элине тиешелүү болгон руханий дөлөөттөр аларды башка улуттардан, башка элдерден өзгөчөлөнтүп, айырмалап турган. Улуу муун менен кошо жок болуп бара жаткан салттуу билимдерди, элдик даанышмандыктарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү учурдун милдети.

Капалбаев О.Э.

т.и.к., доцент,

И.Арабаев атындагы КМУнун

окуу бөлүмүнүн башчысы.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

1. Асанбеков К. Ысык-Көлдүн жети акеси: Илимий-популярдуу басылма. – 2011. – 177 б.

2. Капалбаев О.Э. Автордун талаа дептери // Дептер №2 Кетмен-Төбө өрөөнү, 2003. – 32 б.; Дептер №3 Нарын областы, Ысык-Көл областы, 2004. – 28 б.; Дептер №4 Талас областы, 2005. – 12 б.; Дептер №5 Ош, Жалал-Абад; Дептер №1 Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы, 2013. – 27 б.

3. Кыргыздар. Санжыра, тарых, мурас жана рухий дүйнө. 5-китеп. – Б.: 2002. – 420 б.

4. Калыгул, Арстанбек, Мойут аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке. – Б.: “Бийиктик”, 2006. – 328 б. (Улуу кыргыз көчү)

5. Кыргыз элинин чечендик өнөрү / Түзгөн жана жазган О.Капалбаев. – Б.: «Бийиктик плюс», 2015. – 352 б.

6. Махмуд Бен Вали. Море тайн, относительно доблестей благородных. http://www.vostlit.info/Texts/rus15/Machmud_ben_Vali/frametext.htm

7. Основатели казахского ханства Керей-хан (годы правления: предположительно 1459-1473) и Жанибек хан (предположительно 1473-1480). http://bibliotekar.kz/chitat-knigu-onlain-belaja-kost-proshlog/osnovateli-kazahskogo-hanstva-kerei-han-.html

8. Солтонов Б. Кыргыз тарыхы. Жооптуу редактору: академик А.Ч.Какеев. – Б.: АРХИ, 2003, – 448 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...

Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери

Жакшыдан жаман туулбашы керек

Сөздүн күчү, сындын сыры

Карга акенин миң санаты

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь