Добавить статью
16:29 14 Октября 2016

Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери

Борбордук Азиядагы элдердин салттуу маданиятынын келип чыгышы жана алардын өзгөчөлүктөрү жашаган аймактарына, этникалык тарыхый өнүгүшүнө байланыштуу өнүккөн. Ошол эле учурда алардын жүргүзгөн чарбасынын түрлөрүнүн, коомдук өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө карата кийген кийимдеринин айрым бир түрлөрү өзгөрүп дагы турган. «... Бирок бут кийимге салыштырмалуу баш кийимдер баштапкы абалын жоготкон эмес жана өзгөргөн эмес» [Старостина, 2009 : 3]. Бул жерде сөз баш кийим деп «калпак» жөнүндө кеп болуп жатат. Калпак – көчмөн кыргыз элин идеологиялык жактан бириктирип туруучу материалдык баалуулук, белги катары эсептелгендиктен, аны өзгөртүүнү каалашкан эмес.

Ал эми бут кийимдер этномаданий байланыштардын өнүгүшүнө, байланыштардын өсүшүнө жараша өзгөрүп тургандыгы бизге жеткен маалыматтар тастыктап турат. Алсак, князь В.И.Масальский Түркестандагы, Орто Азиядагы байкоолорунда кыргыздардын кол өнөрчүлүгүн, кийим-кечектерин сүрөттөп жатып: «... Терини иштетүү алгачкы жамааттык коомдогу ыкмалар менен иштетилгендиктен анчалык деле сапаттуу булгаарыларды алалышпайт. Ошондуктан аларга анчалык деле суроо-талап жок. Иштетилген терилерден өзгөчө белгилеп кете турганы, одуракай (сапатсыз) ийленген тери күрөң, кызгылт түстөргө боелуп, андан кепич, өтүктүн согончогун, кылычтын кындарын, ат жабдыктардын кооздуктарын жасашат. Орус бут кийимдери Орто Азияда өтө баалуу буюмдардын катарына кирет. Бирок алар шаарларда гана тараган...» [Масальский, 1913 : 532], – деп үстүртөн гана жазып, көп токтолбойт. Себеби тери ийлөөнүн түрлөрүнө, колдонгон ыкмаларына токтолгон эмес. Ошол эле учурда кыргыздардын бут кийими аны анчалык кызыктырган эмес окшойт.

Г.Бардашев: «... кыргыздар бут кийимин орустардын кызыл терисинен жасайт» [Бардашев, 1870 : 91; 1874 : 389], – деп, эч кандай түшүндүрмө бербей эле өтүп кетет.

Ушуга окшогон эле ойду С.Венюков өзүнүн эмгегинде төмөндөгүдөй билдирет: «... Кара кыргыздардын кийген бут кийим ташкенттиктердикине окшошуп кетет. Такалары бийик, артына кыска из калтырып кетет» [Венюков, 1861 : 110]. Бул жерде көрүнүп тургандай башка элдердин башкыр [Хасанова], татар [Кийк], Сибирь элдеринин [Смоляк] бут кийимдери сыяктуу кыргыз элинин бут кийимдери анчалык кызыгууну туудурбагандыктанбы көп токтолуп өтүшпөйт жана сүрөттөшпөйт. Ошол эле учурда бут кийимдерге салыштырмалуу териден жасалган башка буюмдар (чанач, көнөк, көөкөр, торсук, сабаа ж.б.) тууралуу кеңири маалыматтарды берип өтүшөт.

В.Масальский, Г.Бардашев жана С.Винюковдун: «... көчмөндөрдүн, анын ичинде «кыргыз элинин тери иштетүү ыкмалары өтө байыркы жана алынган булгаарылары сапатсыз», – деген оюна Л.Потапов алтай элдеринин маданиятын изилдеп жатып, төмөндөгүдөй баа берет: «Терини ийлөө жана үй жаныбарларынын, жапайы аңдардын иштетүүдө колдонулган курал-жарактар, ыкмалар эң байыркы, салттуу жолдор менен колдонулат. Бирок жасалган буюмдар өзүнүн эң жогорку сапаты жана ишенимдүүлүгү менен айырмаланат» [Потапов, 1997 : 29], – десе, Г.Загряжский: «Чала иштетилген, чылгыйлардан тасмаларды, курларды алышат. Бул жасалган буюмдарды сапатсыз, начар деп айтууга болобу? Чылгыйлар ээр каптаганга, ат жабдыктарга, нокто-жүгөн, көмөлдүрүк жасаганга, камчынын өрүмүнө жумшалса, ал эми ийленген булгаарылар, аларга түшүрүлгөн жез, күмүш жасалгалары аларды кооз көрсөтүп турат. Булгаарынын сапатын билгендер аларды макташат» [Загряжский, 1874. №30], – деген маалыматын калтырган.

Кыргыздардын теринин иштетишинде, пайдаланышында, анын сапаттуулугу тууралуу төмөндөгүлөргө токтолсо болот. Биринчиден, кыргыз эли Борбор Азиядагы байыркы элдерден болгондугу эч талашсыз. Демек, бут кийимдер менен орус келгиндери келгенге чейин эле камсыз болушкан. Экинчиден, кыргыздар көчмөн жана жарым көчмөн жашоо формасында жашап келишкендиктен улам көлүккө (ат, топоз, төө) мингенге ылайыктуу болгон такалуу өтүктөрдү жана басып жүрүүгө ылайыктуулугуна карап такасыз өтүктөрдү дагы даярдашкан. Ошондой эле аларга түрдүү аттарды дагы берип келишкендиги маалым. Үчүнчүдөн, кыргыздар жашаган аймактардын климаты кескин континенталдуу болгондуктан суукка ылайыктуу, аймактык өзгөчөлүктөргө жараша дагы бут кийимдер жасалган. Төртүнчүдөн, жоокердик жашоо шарттарына байланыштуу согушка ылайыктуу, чыдамдуу жана коопсуз бут кийимдер жасалган. Ал эми: «эмне үчүн кызыгууну туудурбаган?», – деген суроого бут кийимдерге ашыкча оймо-чиймелерди, түстөрдү бере бербегендиктен же кооздолгон, көркөмдөлгөн бут кийимдер аз санда гана жасалгандыктан алар жолуктурбай калышкандыр. Анын үстүнө аздектүү кийимдерди сандыкка салып сактоо адаты кыргыз элинде байыртадан эле болуп келген.

Кыргыздар колдонгон жана жасаган бут кийимдер бир нечеге бөлүнгөн. Алгач археологиялык табылгалардан табылган өтүктөр тууралуу маалыматты келтирип өтөлү. А.Н.Бернштам 1939-жылы Кеңкол көрүстөнүнөн тапкан аялдын жибектен көйнөгүн изилдеп жатып, анын шымы булгаарыдан жасалгандыгын, ал эми кийген бут кийими такасыз жумшак өтүк болгондугун белгилеп, өтүктү азыркы мезгилдеги чарыкка окшоштурган [Бернштам, 1997 : 37]. Ушуга окшош эле археологиялык табылгалар Талас суусунун жанындагы кургандардан тери шым, ортоазиялык типте жасалган чарыкка окшош, жумшак тери өтүк табылган [Бернштам, 1998 : 39]. Бул жерде биздин айтайын деген оюубуз кыргыздар такалуу же такасыз кийимдерди кийген, кийбегендигин изилдөөгө алуу болуп эсептелет.

Ал эми Б.Солтоноев өзүнүн эмгегине: «... Белдемчи тартынбаган катын, шым кийбеген эркек болбогон. Кыз-келиндери көк шалылап ултарып, көөр чөгөлөтүп, такасы бийик өтүк кийген. Кепичти кийген «кулундуу бээдей кылат» деп жактырбаган» [Солтоноев, 2003 : 12], – деп, бул жерде өтүктү кооздоп, оюу түшүрүп жасагалгандыгы тууралуу айтылып жатат. Ушундай эле ойду этнограф Н.Момунбаева дагы карманат: «Булгаарыдан тигилген бут кийимдердин көпчүлүгү учу кайкыйган такалуу жасалат жана сыйлуу кийимдердин катарына кирет» [Момунбаева, 2014 : 135] – деген маалыматты беришет.

Орто Азия элдерин изилдөөгө алган Л.Костенко дагы алардын бут кийим тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген: «Бут кийимдер бышык эмес жергиликтүү терилерден жасалат. Эгер ортоазиялыктардын бутундагы кийип жүргөн өтүгү көпкө чейин жыртылбай калса, анда өтүктүктүн бышыктыгынан эмес, көп баспай ат үстүндө жүргөн деп чечим чыгаруу керек. Өтүктөрдүн такалары жука жана бийик жасалат. Өтүктүн баштары жогору карай ийилип турат» [Костенко, 1870 : 59]. Сүрөттөөдө көрүнүп тургандай кыргыздардын бут кийими тууралуу айтылган. Тилекке каршы, бут кийимдердин такалары эмне себептен бийик жасалары, тумшуктарынын жогору карашы тууралуу суроо салышкан эмес.

И.Б.Молдобаев «Кыргыз эпосу, кийим-кечектердин тарыхында булак катары» деп аталган макаласында, эпостордо, дастандарда сейрек кездешкен кийимдер тууралуу: «Жаңыл мырза» эпосунда аялдардын баш кийими «кундуз тебетей» (кыздардын кундуздун терисинен жасалган баш кийими) менен кошо «үпүкө өтүк» эскерилет. Ошол эле учурда эпостордун бардыгында айрыкча баатырлар кийип жүрүүчү, тумшуктары жогору карай ийилген «накери» деп аталган бут кийим тууралуу маалыматтар кездешет. Бул кийимдердин бардыгы бул мезгилге чейин дыкат сүрөттөлүп жазылган эмес, ошондуктан атайын изилдөөлөрдү талап кылат [Молдобаев, 1979 : 137], – деген оюн калтырып кеткен.

Эпостордо төмөндөгүдөй бут кийимдердин аталыштары дагы кездешет: көк жеке, жекесан, үпүкө, накери, кырмызы, бул өтүктөр өтө баалуу бут кийимдердин катарына кирсе, күнүмдүк турмушта же жөнөкөй катмардагы адамдар кийген бут кийимдер: чылгый кайыштан жасалган (ийленбеген) чокой, кепич, мөкү, чарыкка [Айдаркулов, 2006 : 162; Акматалиев, 1996 : 185] окшогон бут кийимдерди кийишкен. Жогорудагы саякатчы-изилдөөчүлөр ушул бут кийимдерди, иштетилбеген териден жасалган өтүктөрдү көрүп алышкан өңдөнөт.

Тарыхчы-этнограф К.Айдаркулов өзүнүн эпостордогу кездешкен бут кийимдерди изилдөө тууралуу макаласында аларды кеңири сүрөттөөгө алганга аракет жасаган. Ал улуттук академиянын кол жазмаларынан тапкан маалыматтарына таянып, эркектер кийген эң кымбат баалуу өтүк – «көк жекени» эл башкаруучулар гана кийгендигин белгилеп, «Семетей» эпосунан үзүндү келтирет: «... Кош оймолуу: көк жалдуу / Булгаары өтүк миз таман / Өкчөсү карыш «көк жеке» / Оймо така ичинде / Алтындан кылган жылаажын / Кош коңгуроо жеке сан / Козголсо үнү шыңгырап» [Айдаркулов, 2006 : 162]. Эми бул айтылган сөздөрдү чечмелеп көрөлү. Бул «кош оймолуу» дегени өтүктүн эки тарабына: ички жана сырткы тарабына оюу түшүрүлгөн, «көк жалдуу» – өтө бышык, бекем; «миз таман» – тегиз, чебердик менен жасалган; «өкчөсү» – бут кийимдин, өтүктүн такасы айтылган [Манас, 1959 : 315]; «оймо така» – таканын ичи оюлуп, ага алтындан же күмүштөн жасалган коңгуроо салынган [Антипина, Көчкүнов, 2004 : 44]; «жеке сан» – «Манас» эпосунун түшүндүрмөлөрүндө – төөгө таккан чоң коңгуроо катары берилсе [Манас, 1959 : 312], К.Юдахин, А.Акматалиев, К.Айдаркуловдордун эмгектеринде бут кийим катары айтылып жүрөт. «Манас» эпосунун бир вариантында «жеке» – белге курчанган баалуу кемер, экинчи бир вариантында – ар түрдүү кайыштан куралып жасалган өтүк катары сыпатталат [Манас, 1959 : 312]. Демек, жеке – бул баалуу булгаары, жогорку сапатта ийленген «көн». Ал эми «сан» сөзү – кадыр-барктуу, даңазалуу [Кыргызча-орусча сөздүк, 2015 : 631] деген ойду берип, буюмдун баалуулугун белгилеп жатса керек.

Экинчи бир ой, өтүктүн таманына «жеке сан - коңгуроо» салынгандыктан өтүктүн аты, анын аты менен аталып калышы дагы толук мүмкүн.

Дагы бир өтө кызыктуу маалыматты К.Айдаркулов өзүнүн эмгегинде келтирет: Абыке, Көбөштөн Бухараны көздөй качып бара жатышкан Каныкей, Чыйырдынын минген аттары арыгандыктан өлүп калганда, көкжеке өтүктөрү менен баса албай калышат. Себеби, өтүктүн кончунан баштап, тизеге чейин, өтүктү тумшугунан кызыл ашыкка чейинки бөлүктөрү, баалуу төрт бурчтуу алтын, күмүштөр менен шөкөттөлгөн. Өтүк ушунчалык аземделип жасалгандыктан оор болгон. Аны ат үстүндө кийүү ыңгайлуу болгону менен кийип басуу кыйынчылыкты туудурган. Ошондо зээни кейиген Каныкей: «Өкчөсү карыш көк жеке / Көк жеке кийип жөө баскан / Бу кайсы сөөлөт болот деп» [Cеметей, инв. 842, 151], – өлгөн аттын жанына көк жекени жана башка оор буюмдарын чечип салып, аттын арткы шыйрагын чандырга чейинки бөлүгүн туюк сыйрып алып, андан чарык жасап кийишет. Мындай бут кийимдин түрү көбүнчө уйдун, өгүздүн же жылкынын арткы шыйрактарынан гана жасалган [Айдаркулов, 2006 : 164]. Анткени малдын арткы буту жоон жана адамдын тизесине ылайыктуу келген. Мындай түктүү, туюк иштетилген териден жоон санга чейин жеткен кончтуу өтүктөр жасалгандыгын, көбүнчө кыштын күнү кийилгендигин Кызылсуулук аксакал Кален Асанакун да белгилеп өтөт [Капалбаев, 2013 : 9].

Сибирь элдери дагы бугулардын буттарынын тизеден ылдыйкы, катуу кылдуу бөлүгүнөн бут кийимдерди жасашкандыктары белгилүү [Cмоляк, 1983 : 124]. Бугу, багыштын тизеден ылдыйкы катуу, кайраттуу жүндүү бөлүгүн Сибирь элдери «камус» деп аташкан. Камустан жасалган бут кийимге, кол каптарга кар жуккан эмес. Сибирь элдери өтө катуу суук болгон учурларда же узакка созулган көч мезгилинде бир нече каат тондорду жана өтүктөрдү кийип алышкан [Бодрова, 2004 :88].

Көк жеке өтүгүн аялдар, эркектер дагы кийишкен. Болгону күнүмдүк турмушта эмес, салтанаттуу учурларда, аш-тойлордо жана көчтүн жүрүшүндө кийилген. «Семетей» эпосунда төмөндөгүдөй берилет: «Алдында Буурул койкоюп / Көкжеке бутта чойкоюп / Асаба колдо калкылдап / Бозкисе жанда жаркылдап» [Семетей, 1959 : 185].

Дагы бир өтүктүн түрү «үпүкө өтүк» деп аталган. Ал музоонун терисинен жасалган (орусчасында «опойковые сапоги» деп берилген – К.О.) [Русско-кыргызский словарь, 2012 : 480]. Кыргыздар малдын курсагынан өлүп түшкөн балдарынын (улак, козу, музоо, кулун) терилерин дагы иштетишкен. Ичтен түшкөн улак, музоо же кулундун териси «жылбырскы» [Сыдыкбеков, 1989 : 15] деп аталган. Себеби, жаңы туулган малдын териси уяң, жумшак, суйдаң жана көркөмдүү болгондуктан түктүү терини иштетүүдө мыкты жердиктердин катарына кирген. Көбүнчө, кончтон жогорку бөлүгү жасалган. Бул терини иштетүү дагы жеңилге турган. Териде май аз болгондуктан жана кол менен ийлөөгө да ылайыктуу болгон [Капалбаев, 2013 : 8]. Теринин жүнү үлпүлдөп жакшы көрүнүп тургандыктан, убакыттын өтүшү менен үпүкө өтүк деп аталып калышы мүмкүн. Тилекке каршы, үпүкө өтүктүн аталышы жана жасалышы тууралуу этнографиялык материалдарды жолуктура албадык. Андан сырткары бул терилерден көбүнчө баш кийимдер, тебетейдин кыргактары, төбөсү жасалып келген.

«Манас» эпосунун түшүндүрмөсүндө «накери» деп аталган бут кийимдин дагы бир түрү кездешет. Анын 1-мааниси, тумшугу шуштугуй келип, өйдө кайкалаган, оюу-чийүү менен кооздолгон азем өтүк. 2-мааниси, ошол эле өтүктүн баатырларга ылайыкталып иштетилген ок өтпөс үлгүсү [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 499; Семетей, 1959 : 320]. «Накер» – сөзү К.Юдахиндин сөздүгүндө, «баалуу үзөңгү, накери теке мүйүздөн» [Юдахин, 2015 : 550], – деген маанини берет деп турат. Эгерде накери темирге, мүйүзгө карата дагы айтылып жаткан болсо, демек, бекем, бышык, чебер жасалган деген маанини түшүндүрсө керек.

«Накери бутта тайпайып / Элечек башта кайкайып» [Семетей, 1959 : 153], – Чачыкей кийген өтүк жөнүндө сөз болуп, мында накери өтүктү аялдардын дагы кийгени белгилүү болуп жатат.

Туюк өтүк, кончу кең / Чобдор өтүк такасыз [Манас (Сагынбай Орозбаков, IV том), 1982 : 68]. Бул жерде көрүнүп тургандай, такасыз өтүк жөө жүргөнгө ылайыкташылып жасалган болушу керек. Себеби такасыз өтүк үзөңгүнү темингенде ичине кирип кете берип ыңгайсыздыкты жараткан. Ал эми така үзөңгүгө буттун кирип кетишинен сактап турган.

Дагы бир өтүктүн түрү катары булгаарыдан тигилген, такасыз, өтүктүн формасында апкыты катуу жасалган маасыны дагы пайдаланышкан. «Кырым маасы нөкөрлүү / Үзөңгү бутта чойкоюп» [Cеметей, инв. 1075 : 39], «Желим кепич, миз така / Кырмызы маасы сайпана» [Cеметей, инв. 5192 : 53]. Белгилей кетчү нерсе, Казань татарларынын материалдык маданиятын жазган окумуштуу Н.И.Воровьев: «... Казань татарларына оюу түшүрүлгөн бут кийимдер алгач Орто Азиядан (Бухарадан) келген, бул өнөр акырындык менен өнүгүп олтуруп, жыйынтыгында Орто Азияны бут кийим менен камсыз кылып, ири базарларда жергиликтүү өндүрүш менен ат салышып баштаган» [Воровьев, 1953 : 318-399], – деп жатат. Демек, өтүктүн көркөмдөлүп, нөкөрлөнүп жасалышы Орто Азиядан башталган. Бирок акырындык менен Казандык, Крымдык татарлар техниканын жардамы менен жогорку сапатта жасоого жетише башташкан. Ал эми «кырмызы» деген сөз, ачык кызыл, кыпкызыл өңдүү дегенди түшүндүргөн [Кыргызча-орусча сөздүк, 2015 :496].

Дагы бир кызыгууну туудурган жагдай «желим кепичтин» жасалышы. Бодо малдын терисин ийлөөнүн алдында ийректин, тарткынын жардамы менен челдеп алат, ошол челденген «эт-челден» желим жасалган. Аны казанга салып көпкө кайната бергенден улам кызыл-сары уюган илешкек желим чыккан. Эгер ага жылкынын тарамышын аралаштырып кайнаткан учурда жыгачты, терини жулуп кете албай тургандай бекем кармаган желим алынган [Капалбаев, 2015 : 2]. Бул жерде желимден өзүнөн жасалганбы же желимделип жасалганбы, так айтуу мүмкүн болгон жок.

Археологиялык казуулардан табылган маасыны С.И.Руденко жана Д.Ф.Винник төмөндөгүдөй сүрөттөшөт: «Таманы 5-7 каат териден турат. Анын узундугу 26,5 см, туурасы 6-6,5 см. Тумшугу шиш жана азыраак жогору карай кайрылып турат. Тамандын каптал тараптарында узунунан жогорку бөлүгүнө тигилге турган жерлеринен тешиктер кеткен. Ички бөлүгүнүн согончок тарабына бир нече каат кайыштын кесимдери салынган. Тамандар такасыз болгон...» [Руденко, 1960 : 40; Винник, 1963 : 84-85]. Маасыны эркектер, аялдар дагы кийишкен. Башкырларда жумшак өтүктөрдү жана үй ичинде кийүүчү бут кийимди эчкинин терисинен жасашкан [Хасанова, 2011 : 21].

Маасы – такасы жок, чулгоо оролуп кепич менен кийилүүчү кончтуу, жеңил бут кийим. Мунун жасалышына, жердигине карай «намеркан маасы» («амыркен», «намеркан» деп атала берген, лакталган өтүк дегенди түшүндүргөн [Кыргызча-орусча сөздүк, 2015 : 551]. Бодо малдын, көбүнчө уйдун терисинен ички бөлүгүнөн кырылып алынган, аны сууга бир күн кечке кайнаткан учурда ылжыраган кызгылт сары түстө желим алынган. Аны катыргандан кийин, кайра суу кошуп кайнатканда лак пайда болгон [Капалбаев, 2015 : 2]), «куром маасы» (булгаары) деген кездешкен. Алар оң жана сол бутка ылайыкталып, айырмалуу (эки жактуу) жана эки бутка бирдей (бир жактуу) тигилген. Чеберлер колдо өтө жакшы ийленген булгаарыдан маасыларды ултарып, ага чийме сынпоос оюулар түшүрүлгөн. Эркектерге жана аялдарга деп өзүнчө даярдалган. Албетте чоң, кичинесинен деле билинген. Бирок, оюуларынан чоң айырмаланган. Бул жерде жаш өзгөчөлүктөр дагы эске алынган. Жаштар кийген маасынын кончунун алдыңкы беттерине оюулар жана боектор түшүрүлгөн [Капалбаев, 2015 : 16, Акматалиев, 1996 : 156].

Кепич – кол булгаарыдан ултарылып, бүчүсүз жана боосуз жасалган бут кийим. Маасынын сыртынан кийилгендиктен башы ичтелип жасалат. Кеп жыгачка кийгизип алып, четтери тарамыш менен кайылып ултарылат. Тигүү иштеринде кыргыздар малдын буттарындагы, желкесиндеги, кыр аркасындагы тарамыштарды чийки кезинде эле кесип алып, аны күнгө кургаткандан кийин, чакан жыгач токмок менен акырын, кертилип кетпегендей күч менен ургулап, тарам-тарамга бөлүп алган жана тигилүүчү буюмдун өлчөмүнө жараша кайра эшип, аны учук катары пайдаланганды жакшы өздөштүрүшкөн. Кепичтин апкыты катуу болсун үчүн арасына жука жыгач салынган. Таманы анча бийик эмес такасы, жыгач мык менен ички таманга бекитилген. Кепич өтө бышыктыгы менен айырмаланган [Акматалиев, 1996 : 102]. Кепич менен маасынын практикалык мааниси өтө чоң болгон. Бутту таза жана жылуу кармаган, ошол учурда кийип-чечүүдө өтүк сыяктуу көп кыйынчылыктарды жараткан эмес.

«Манас» эпосунда дагы бир бут кийим: «Бутунда кош-кош өтүгү / Келгири бар тепейген» [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 323] кездешет. «Келгир» – калың булгаарыдан тигилген апкыттуу кепич [Манас (Сагынбай Орозбаков), 1995 : 482].

Чокой, чарык сыяктуу эле бут кийимдин дагы бир түрү келгир деп аталып жаткандыгын көрүп жатабыз. Демек, бул жерден өтүктүн бардыгы эле узун кончтуу болбостон, кыска кончтуу да өтүктөр жасалган [Айдаркулов, 2006 : 165], – деп, бүтүм чыгарууга болот.

Кыргыздардын жакыр бөлүгү чарыкты, чокойду көбүнчө уйдун же жылкынын чылгый (ийленбеген, жыдытылган) терисинен бычып тигишкен. Таманы бутка ылайыкталып, өзүнчө кесилип даярдалып, аны кончуна атайын даярдалган тарамыштар менен тигип алышкан. Чарык жасалган кайыш өтө жакшы ийленбегендиктен жылаңайлак бутка кийген учурда, буттарды жоорутуп жибергендиктен сөзсүз түрдө кездемеден даярдалган чулгоо менен кийишкен. Чарык бутка кийгенге жеңил болгон. Бирок балтырдан ылдый сыйгалана бербеши үчүн үстүнөн тасма менен ороп алышкан. Таманы жука болгондуктан тез эле жыртылып калып турган. Суу тийген учурда сууну өткөрүп жиберген, ийленбегендиктен жыт дагы чыгып турган. Буттан чечип алуу дагы кыйынчылыкка турган. Себеби күнгө кийилген өтүктөр ысыктан таарыган. Ошондуктан жылкынын майы менен майлап койгон учурларда кездешкен. Мындай бут кийимдер бир айга жеткен [Капалбаев, 2015 : 3; Бурковский, 1957 : 78; Антипина, 1962 : 231; Момунбаева, 2014 : 132]. Ошондуктан тез-тез чарык жасап кийгенге мажбур болушкан.

Чарыктын дагы бир түрү, териден буттун таманынан ашыкча өлчөп, жээктерин жогору карай кайрып, боо менен тартып алышат. Өтө жөнөкөй жол менен жасалгандыктан көзгө комсо жана жупуну көрүнгөн [Капалбаев, 2015 : 3; Момунбаева, 2014 : 132]. Ошондуктан бул чарыкты жасоодо эчкинин, коендун терисинен дагы жасап алышкан. «Коендун териси бир күндүк чарыкка жараптыр», – деп кыргыз макалдарында айтылгандай, бир күндүк чарыктар дагы жасалган.

Чокойдун дагы бир түрү мөкү деп аталып, анын айырмачылыгы учу кайкайып жогору карап турган [Антипина, 1962 : 231]. Кыргыздарда бут кийимдин аты менен аталган ысымдар да көп кездешкен. Алсак: Чокой, Чарык, Мөкүш, Мөкүбай, Мөкү деген аттар тарыхта көп кездешет.

Кыргыз элинде: «Бирөөнүн элинин султаны болгончо, өзүңдүн элиңдин ултаңы бол», – деп айтылган макал, андан сырткары эпостордо: «Өзгөгө султан болгуча / Өз элимдин колунда / Ултаң болуп өтөйүн!» [Семетей, 1959 : 81], – деген «ултаң» кошулган сөздөр айтылат. Көрсө «ултаң» деп өтүктүн таманы айтылган экен. Андан сырткары, «ултаң бет» түшүнүксүз, уятсыз, абийирсиз (бети өтүктүн, чокойдун таманы маанисинде) деген маанини билдирген [Кыргызча-орусча сөздүк, 2015 : 803].

Байыркы түрктөр дагы чылгый кайышты көп пайдаланышып, андан бут кийимдерди, кийимдердин кээ бир түрү, ат жабдыктарын, кур, аркан, баштык, кап жана сүт азыктарын сактаган идиш-аяктарды жасашкан [Потапов, 1997 : 23].

В.Я.Бутанаев өз эмгегинде: «Саян-Алтайлык түрктөр жайкысын териден жасалган бут кийимдерди, ал эми кышкысын түктүү териден жасалган өтүктөрдү кийишкен. Бут кийим хонгор, тува жана алтай тилдеринде «одик» жана «маймак» деп аталат. Биринчи жазылган сөз байыркы түрктөрдүн «etik», «etuk» деген сөзүнөн келип чыккан. Бул териден жасалган жумшак өтүк дегенди түшүндүргөн. Экинчиси, азыркы мезгилдеги түрк тилдерде сүйлөгөн элдерде окшош сөздөр кездешет. Алсак, кыргыздарда «байпак» – жүндөн жасалган, казахтарда «байпак» – кийизден жасалган бут кийимдерди аташкан.

Ысык күндөрү эркектер кендирден жасалган «нынгмах» (нынгмах маймах) деп аталган өтүктөрдү кийишкен. Анын таманы бодо малдын ийленген терисинен, такасы жок, жумшак жасалса, кончу кендир кездемеден тигилген. Кончу бой токтотуп тура албагандыктан, сыртынан «поос» деп аталган боолор менен таңып алышкан. Чулгоонун ордуна «азанат» деп аталган кургаган чөптөрдү пайдаланышкан.

Жайында кийген өтүктүн дагы бир түрү «сагиры» (сагыр маймах) деп аталган. Мындай аталып калышы жылкынын үч кошконунан («сагыр») жасалган. Үч кошкон теринин башка жерлерине салыштырмалуу калың болгондуктан ушундай ат беришкен [Бутанаев, 2015 : 48], деп – бут кийим, анын аталыштары, жасалыштары тууралуу кенен маалымат бери өтөт. Алардын өтүктөрүнүн жасалыштарында жана аталыштарында гана азыраак айырмачылыктар болгону менен жалпы окшоштуктар бар экендиги байкалат. Алсак, көчмөн элдердин бардыгы эле малдын терисинин кайсыл жерлери калың болоорун, аны эмнелерге жумшаш керек экендигин, кандай бут кийимдер жасалышы ылайык, жакшы түшүнүшкөн.

Кыргыздар өтүктөрдү чулгоосуз, ороосуз кийишкен эмес, ороолор көбүнчө жүндөн жасалган. Ал эми колунда бар адамдар матаны чулгоо катары колдонушкан. Албетте, колунда жок адамдар өтүктөрдү чулгоосуз кийген учурларда буттарын өйкөп, жаралантып жиберген учурлар кездешкен [Момунбаева, 2014 : 134].

Бут кийимдер аймактык өзгөчөлүктөргө, элдин жайгашуусуна жана этномаданий байланыштарга жараша дагы жаңыланып, өзгөрүп турган. Алсак, Кыргызстандын түштүк аймагында эркектер күнүмдүк турмуш-тиричилигине кийген пайчеки бут кийимин пайдаланышкандыгы белгилүү. Ал ийленген уйдун терисинен жасалган, таманы эки-үч кабатталгандыктан калың көрүнгөн жана кончу тизеге чейин жетип турган. Тамандын калың жасалашы, көпкө чыдаган [Бурковский, 1957 : 78; Момунбаева, 2014 : 133]. Мындай окшош жасалган бут кийимдерди туркмен элдери дагы пайдаланышкандыгын өзбек, туркмен элдеринин кийимдери боюнча адис, этнограф А.С.Морозова өзүнүн эмгектеринде белгилеп кеткен [Морозова, 1971 : 219].

XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап, орус келгиндеринин көбөйүшү, коомдук-саясий абалдын өзгөрүшү, кыргыз аймактарынын Россиянын курамына өтө башташы менен салттуу бут кийимдерди жасоодо, колдонууда кескин өзгөрүүлөр башталган [Сухарева, 1982 : 11]. Кыргыздар Россиянын завод-фабрикаларынан даярдалган булгаарыларды, бут кийимдерди сатып алып пайдалана башташкан [Айтбаев, 112]. Албетте өндүрүштөн чыккан бут кийимдердин келиши, элге тарашы кыргыз элинин жашоосун жеңилдеткен. Бут кийимге болгон талап азда болсо азайган. Себеби жогоруда айтылгандай сапаттуу бут кийимдер менен колунда бар адамдар гана камсыз болуп, ал эми коомдун үчтөн эки бөлүгү чынында эле иштетилбеген, чылгыйдан жасалган чокой, чарык, кепич, көлөч, мөкүлөрдү кийишкен. Бирок жергиликтүү усталар жогорку деңгээлдеги сапаттуу, кооз бут кийимдерди чигиримден, булгаарыдан, көндөн жасашкан. Бул өтүктөрдүн үлгүсү сакталбагандыгы, тарыхый булактарга сүрөттөлүп түшпөй калгандыгы өкүнүчтүү.

Кыргыздар жогорудагы аталган өтүктөрдүн, бут кийимдердин бардыгын тең кеп жыгачтын жардамы менен жасашкан. Бут кийимдерин ултарууда кеп катары, үлгү катары колдонушкан. Усталар аны арчадан, кара жыгачтан, кайыңдан бут түспөлүндө сыйдалап, жасап алышкан. Ал кийүүчү буттун көлөмүнө жараша ар кандай өлчөмдө жонулган. Жасай турган бут кийимдин кайышын алгач бычып алгандан кийин, таманын жаткырып, ага каптал бөлүктөрүн тарамыш менен ултарып, эки тамандык кайыштын ортосуна жыгачтан жасалган тамандын үлгүсү жаткырып, жыгач мык менен кагып, кайра таман жаткырып, желимдеп коюшкан [Акматалиев, 1996 : 96; Капалбаев, 2015 : 5; Бутанаев, 2015 : 49]. Бут кийимди мындай жасоонун ыкмасы бүгүнкү күндө деле сакталып келе жатат. Болгону курал-жарактар жана даяр терини иштеткендиги менен айырмаланып турат.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз эли, кыргыз усталары бут кийимдердин бир нече түрүн: кончтуу, кончсуз, такалуу, такасыз, наар түшүрүлгөн, нөкөрлөнгөн, алтын-күмүш жаткырылган, коңгуроолуу (жылаажындуу) бут кийимдерди жасап келишкендиги оозеки элдик чыгармаларда так жана таасын белгиленген. Мал чарбачылыкка, аймактык өзгөчөлүктөргө ылайыктуу салттуу бут кийимдерди жасоонун мыкты үлгүлөрүн өздөштүрүшкөн деп так кесе айтууга болот.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР

1. Айдаркулов К. О некоторых видах старинной обуви кыргызов (по данным эпоса «Семетей») / С.М.Абрамзон и вопросы кыргызской этнографии: (К 100-летию со рождения С.М.Абрамзона) / Сост.: И.Б.Молдобаев, Ж.Ж.Пиримбаева. Б., 2006. – С. 161-166.

2. Айтбаев М.Т. Историко-культурные связи киргизского и русского народов (По материалам Иссык-Кульской области Киргизской ССР). Фрунзе, 1957. – 172 с.

3. Акматалиев А.С. Кыргыздардын кол өнөрчүлүгү: Колдонмо / Көркөмдөгөн сүрөтчү К.Коеналиев; Илим. проп. «Мурас» ишкер долбоору. – Б.: «Кыргызстан», 1996. – 328 б.:

4. Антипина К.И. Особенности материальной культуры и прикладного искусство южных киргизов (По материалам, собранным в южной части Ошской области Киргизский ССР). – Фрунзе: Издательство Академии наук КиргССР, 1962. – 288 с.

5. Антипина К.И., Көчкүнөв А.С. Кыргыздардын элдик кийимдери. Анкара, 2004. – 242 б.: илл.

6. Бардашев Г. Сведения о дикокаменных киргизах // «Туркестанские ведомости», 1870, №15. – С. 91.

7. Бардашев Г. Заметки о дикокаменных киргизах / Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник выпуск III. – Санкт-Петербург, 1874. – С. 384-390.

8. Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Сост.: К.Ташбаева, Л.Ведутова. – Б.: «Айбек», 1997. – 560 с.

9. Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Том II. Сост.: К.Ташбаева, Л.Ведутова. – Б.: «Айбек», 1998. – 704 с.

10. Бодрова А.Ш. Традиционный костюм коренных народов Сибири как отражение эмпирической ментальности // Вестник ТГПУ. 2004. Выпуск 4 (41). Серия Гуманитарные науки (История, археология, этнография). – Томск, 2004. – С. 85-90.

11. Бурковский А.Ф. К вопросу обработки животноводческого сырья у киргизов / Ученые записки, выпуск второй. Киргизский женский педагогический институт им. В.В.Маяковского. Фрунзе, 1957. – С. 71-106.

12. Бутанаев В.Я. Национальная одежда хонгорцев / Хоорай чонның сымайлыхха паза суре кисчең киптери / В.Я.Бутанаев. – Абакан, 2015. – 336 с.

13. Воровьев Н.И. Казанские татары: (этнографическое исследование материальной культуры дооктябрьского периода) / Н.И.Воробьев. – Казань: Татгосиздат, 1953. – 382 с.

14. Венюков М.И. Очерки Заилийскаго края и Причуйской страны. Записки императорскаго русскаго географическаго общества, книга четвертая. Издаваемыя под редакцией А.Н.Бекетова. – Санкт-Петербург, 1861. – С. 79-116.

15. Винник Д.Ф. Тюркские памятники Таласской долины // Архелогические памятники Таласской долины. – Фрунзе, 1963. – С. 84-85.

16. Загряжский Г.С. Быт кочеваго населения долин Чу и Сырь-Дарьи / Туркестанские ведомости 1874. №30. – С. 119.

17. Капалбаев О.Э. Автордун талаа материалдары. КЭР Кызылсуу автономиялуу облусу, дептер №1, 2013. – 27 б.; Ош, Баткен областтары. 2015. – 9 б.; Чүй, Талас, Кетмен-Төбө, Нарын, Ысык-Көл, Чоң Алай өрөөндөрү. 2016. – 32 б.

18. Кийк Д.А. Принципы художественной обработки кожи в декорировании этнической обуви Казанских татар и народов Крайнего Северо-Востока // Ученые записки Таврического национального университета им. В.И.Вернадского. Серия «Философия. Культурология. Политология. Социология». Том 27 (66), №1, 2014. – С. 80-88.

19. Костенко Л. Среднее Азии и выдворение в ней Русской гражданственности. Съ картою Средней Азии. С.-Петербург, 1870. – 358 с.

20. Кыргызско-русский словарь. Около 40000 слов / сост. Юдахин К.К. – Б.: «Кут-бер», 2015. – 976 с.

21. Манас. Биринчи бөлүк, 2-китеп. Фрунзе: Кыргызмамбас, 1959. – 318 б.

22. Манас. 4-китеп. С.Орозбаковдун варианты. Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Тил жана адабият институту. – Фрунзе: «Кыргызстан», 1982. – 360 б.

23. Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу: 2-китеп. С.Орозбаковдун варианты / Сүрөтчүсү Б.Жайчыбеков. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 800 б.

24. Масальский В.И. Россия. Полное географическое описание нашего Отечества. Настольная и дорожная книга / Под ред. В.П.Семенова-Тянь-Шанскаго. – Санкт-Петербург: Издание А.Ф.Девриена, 1913. – 861 с.

25. Молдобаев И.Б. Киргизский эпос как источник по истории одежды / Советская этнография. М.: Издательство «Наука», 1979. – С. 137-140.

26. Момунбаева Н.С. Түштүк кыргыздардын салттуу кийимдери (XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башы. Этнографиялык талаа материалдарынын негизинде). – Б., 2014. – 198 б.

27. Морозова А.С. Традиционная одежда туркмен // Традиционная одежда народов Средней Азии и Казахстана. – М., 1989. – С.254.

28. Потапов Л.П. Традиционная народная культура алтайцев-наследница древней цивилизации кочевников Центральной Азии / Народы Сибири: история и культура (Серия «Этнография Сибири»). – Новосибирск: Институт археологии и этнографии СО РАН, 1997. – С. 22-30.

29. Руденко С.И. Культура хуннов и Ноинулинские курганы. М.;Л., 1960. – С. 40.

30. Русско-кыргызский словарь: 51000 слов / под ред. К.К.Юдахина. – Б.: «Кут Бер», 2012. – 992 с.

31. Семетей. «Манас» эпосунун экинчи бөлүгү. 3-китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1959. – 324 б.

32. «Семетей» эпосу. Инв. 842. – Б. 151-152.; инв. 1075. – Б. 39.; инв. 5192. – Б. 53.

33. Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. Жооптуу редактору: академик А.Ч.Какеев. – Б.: АРХИ, 2003. – 448 б.

34. Смоляк А.В. Народные художественные ремесла Приамурья / Сельскому учителью о народных художественных ремеслах Сибири и Дальнего Востока / Сост. Митлянкая Т.Б. – М.: Просвещение, 1983. – 256 с.

35. Старостина О.В. Обувь в традиционной культуре народов Средней Азии и Казахстана (XIX – первая треть XX в.). Автореферат диссертации на соискание ученой степени кандидата исторических наук. Санкт-Петербург, 2009. – 28 с.

36. Сыдыкбеков Т. Көк асаба: Тарыхый роман / Сүрөтчүсү Б.Кошоев. – Фрунзе: Адабият, 1989. – 464 б.

37. Сухарева О.А. История Среднеазиатского костюма. Самарканд 2-ая половина XIX – начало ХХ в. – М.: Наука, 1982. – С. 11.

38. Хасанова З.Ф. Традиционные способы обработки шкур диких животных в горно-лесной зоне Башкортостана: к проблеме башкиро-русского взаимодействия // Вестник Челябинского гос. университета. 2011. №34 (249). История. Вып. 48. – С. 20-23.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...

Элдик даанышмандык

Жакшыдан жаман туулбашы керек

Сөздүн күчү, сындын сыры

Карга акенин миң санаты

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.


Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь