Добавить статью
10:52 30 Ноября 2015

Карга акенин миң санаты

КАРГА АКЕНИН МИҢ САНАТЫ

(1718-1828)

Улуу кыргыз элинде аңтаңдап адашууну билбеген, сүйлөгөнү санат, жашоосу өрнөк нечендеген даанышмандар, сансыз ааламатта, тоо жылып бар жатса да акылынан шашпаган акылмандар, жандуу менен жансыздын сырын билген билгилер, уккандын кумарын кандырган, чечилбеген табышмактын жообун тапкан, өнбөгөн доону өндүргөн чечендер жашап өткөн. Алар миңдеген жылдар бою жыйналган аталардын айткан акылын, энелердин насаат-санатын өз боюна сиңирип, элден алып элге өткөрүп берип келишти. Бирок бардык эле даанышмандын, акылмандын, кеменгердин, чечендин тагдыры окшош боло бербейт тура. Анткени бүтүндөй улуу адамдардын, даанышмандардын айткан кептери, санжыргалуу сөздөрү бизге жете берген жок. Кандай гана керемет сөздөр, улуу баяндар, уламалуу санжыралар өздөрү менен кошо кетти. Алардын уюткулуу сөздөрүн жаттап калган куйма кулактуулардын болбой калгандыгы же сөз кадырын түшүнбөй көңүл сыртына калтырган муундун келиши менен «айтылган сөздөр, атылган ок сыяктуу» изин таптырбай жоголду. Эми бүгүн «аттигиң» деп, тизебизди муштап, эринибизди тиштеп, желкебизди кашып, өкүт айтып олтурабыз.

«Өсөөр адам өзүн сыйлайт», – дегендей эстүү эл улуу муундун айткан сөзүн аздектеп, көкүрөгүнө бек тутуп, эсине кыттай куюп сактап келсе, ал эми сөөгү жаткан жерин чоң корумдап, тегерегин тосуп, күмбөзүн тургузуп, мал эмес бөлөк бөтөн адамдардан дагы коруп, өзгөчө сый урмат кылышат экен. «Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт», – деген сыңары өлгөн адамдарга ушунча ызаат сый көрсөткөн элден атактуу инсандар, жалындуу жаштар чыкпаганда анан, өзү менен өзү болгон, биринин сөзүн бири укпаган, айткан тилди албаган, өзүнүн агасын эмес, бирөөнүн агасын сагалаган, аксакалы улуу экенин, балдары кичүү экенин, аялы ургаачы экенин билбеген элден «укмуштуулар» чыкмак беле. Ошондуктан «Колдо бар алтындын баркы жок» же «Басмайылдын кысканын минген билбейт, ат билет. Азаматтын жакшысын тууган билбейт, жат билет» болбой дагы да болсо эл арасындагы көкүрөгүндө учкундуу оту, оозунда айтаарлуу сөзү бар, «куйма кулактуу» аксакалдардын билгендерин кеч болуп кала электе жазып, тасмага түшүрүп калышыбыз керек.

Туура, азыр түрдүү жазылган чыгармалар, эмгектер аябай көбөйдү. Бирок эч ким окубаган китептерге айланып, китептин дагы кадырын төмөндөтүп жибергендейбиз. Же болбосо ар ким эле кат тааныганы, тааныбаганы да өзүнүн өмүр баянын, урук-уруусун шумдуктуудай мактап, даңазалап жаза берсе эле, эл окуй бербейт. Балким жаман жазылган ыр болсун, жаман тартылган сүрөт болсун, анын угарманы же көрөрманы табыла береттир. Ошондой болсо дагы ар ким өзүнүн колунан келген ишти гана кылган туура болот. Эгерде сенин тарыхта кала турганга укугуң, же тарых сени жазуу милдеттүү болсо жазган китебиң үчүн эмес, элге, мекенге жасаган эмгегиң үчүн жазылып калууга тийиштүүсүң. «Чөптү кордосоң көзгө зыян» дегендей китепке дагы, жазылган ар бир сөзгө аяр мамиле кылсак дейбиз.

Жогоруда биз кеп козгогон «көркөм сөз өнөрүнүн ири өкүлдөрүнүн тагдырлары, өлгөндөн кийинки даражалары түрдүү болот турбайбы» дегенибиз кай бирөөлөрүнүн аты ондогон кылымдар бою даңкталып келе жатса, көптөрүнүн айткан акылдары, насааттары эмес аттары дагы айтылбай, алардын кадыр-баркынан даражалары кем болуп, белгисиздердин арасынан орун алып калгандыгы аябагандай чоң өкүнүчтүү.

Ал эми биз кеп кыла турган Карга акенин Жаратканга жалынган дубалары кабыл болуп, эки дүйнөдө тең даражасы бирдей көтөрүлүп, өзүнүн элинде өмүр бою «түшпөс бий» атыгып, айткан сөзүнүн баары аткарылып, бул жалган дүйнөнүн даамын жүз он жыл татып өтсө, арадан төрт кылымдай мезгил өтсө дагы айткан берметтүү акыл насааттары бүгүнкү күндө бир урууга эмес бүтүндөй улутка кызмат кылып, баркын жоготпой, такыр көөнөрбөй, укумдан тукумга уланып келе жаткандыгы кимди гана таң калтырбайт. Дегеле кылымды карытып, кандай адамдар жашашат мунун өзү чоң философия эмеспи. Жүз жашты кой элүүсүндө эңчейип, алтымышында алжып, жетимишинде желпинип, сексенинде котур болуп ар кимге сүйкөнүп калып жатканы дагы жок эмес. Ошон үчүн улуу муундун өкүлдөрүнө ыйман, нысап, аксакалдык нарк бер деп тилей жүрбөсөк өзүбүз эле зыян тартабыз.

Эми кеп кезеги кылымдын карыта жашаган, кыргыз улутунун улуу сыймыгы, Акелердин акеси, даңазалуу даанышман Карга аке тууралуу болсун.

Карга аке кырк уруулуу кыргыз элинин чоң урууларынын бири Бугу уруусунун Желдең уругунан чыккан. Ал болжолдуу 1718-жылы Ысык-Көлдүн тескейинен орун алган Дархан айылында туулган. Карга акенин жети атасын сүрүп көрсөк: Долондон Агуул, Агуулдан Тагай, Тагайдан Кылжыр, Кылжырдан Орозбакты, Орозбактыдан Мырзакул, Мырзакулдан Алсейит, Алсейиттен Туумакашка, Туумакашкадан Каракозу, Каракозудан Желдең, Желдеңден Түлөкө, Түлөкөдөн Мендегул, Мендегулдан Карга аке [http://kmb3.kloop.kg; Мамбетов, 2013 : 15]. Карга акеден Долон бийге чейин он эки муун өтүп жатат. Бул жерде дагы бир кызыгы Алсейиттин үчүнчү аялы Чээжимжан калмактын кызы болгон. Андан жалгыз Туумакашка төрөлөт.

Бул боюнча «Улукбектин санжырасында» төмөндөгүдөй баяндалат: «Кыргыз санжырасында айтылган уламыш боюнча кайберендин тилин, сырын билген бир касиеттүү адам ушул Ала-Мышык тоосуна келип, дүйнөдөн кайткан экен. Өзү менен кошо ээрчип жүргөн бир уулу менен бир кызы сыягы кеч күз болуп, айылга түшө албай, тоо арасында бир үңкүрдө кыштап калышат.

Ошол убакта Орозбактынын Асанмырза менен Карамырза деген эки уулу Ала-Мышык тоосуна аң уулап чыгышат. Бир жерге келгенде тоонун боорунан созулуп чыгып жаткан көк түтүндү көрүшөт. «Бул жерде бирөө бар окшойт» дешип, түтүн чыгып жаткан жерге жакын келишсе, үңкүргө бугулар кирип-чыгып жатышыптыр. Карамырза мылтыгын алып, бирин атып жиберет. Ошол убакта ачуу кыйкырган кыздын үнү чыгат. Кирип барышса, бугунун терисин кийинишкен бир кыз, бир улан. Окко учуп өлгөн бир тууганын кучактап бир кыз ыйлап отуруптур. Ыйлап отурган кыз «кимиңер аттыңар» деп сурайт. Карамырза моюнуна алганда, кыз алаканын тетири жайып: «Тукумуң жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе да, күзгө жетпесин» деп бата кылып жиберет. Эки бир тууган өлгөн баланын сөөгүн ошол жерге жашырып, кызды алып келгенден кийин Карамырза калыстык кылып, агасы Арыкмырзага кыз кылып берет. Арыкмырза багып жүрүп кыз он үч-он төрт жашка чыгып, бой жетип калганда, «өзүмө токол кылып алсамбы» деп көңүлдөнүп атканда, байбичеси билип калып, согум союлган күнү атайын элге угуза айтып күйөөсүнө: «Ушул бугу кызды иниң Мырзакулдун баласы Алсеитке алып бербейсиңби?» – дейт. Анан элдин көзүнчө макул болуп, «эл алдында ушак болбоюн, баласынан аял талашты дедирбейин» деп инисинин баласы Алсейитке алып бериптир [http://www.sanjyra.kg]. Нике кыйылган соң, кыз Алсейиттен үч нерсени суранган экен. Биринчиси: – «Мен жуунуп жатканда үйдөн чыгып кетип, артыңызды кылчайып карабаңыз», – дейт. Экинчиси: – «Турмушта ар кандай болот, урушуп калсак, башыма урбаңыз». Үчүнчүсү: – «Мен киммин, кайдан келдим, эмне кылгам, тегим ким экенин сурабаңыз». Алсейит кызга үйлөнгөндөн кийин иши оңолуп, даражасы өсө баштайт. Бирок, ал «эмне үчүн минтип айтты» деп, жуунуп атканда шыкалап карайт да, кыздын башында мүйүзү бар экенин көрөт. Ошентип, ал биринчи шартын бузуп коюп, кийин анын айынан «тукумунун көзү кароо» болуп калыптыр [http://kmb3.kloop.kg].

Алсеиттин экинчи аялы бугу энеден Жаманкул, Бапа деген эки уруу эл тараган. Биринчи аялы Тообукта. Андан Боор тукуму тарайт.

Кыз жашы өйдөлөп барганда, «мүйүздүү байбиче» деген атка конуп, анын олуялыгынан улам Алсейит калмак кызы – Чээжимжанга үйлөнүп, ушунчалык көп жана мыкты тукумдуу болуптур [http://kmb3.kloop.kg]. Демек, Алсейит Чээжимжанды Мүйүздүү эненин кеңеши менен алган экен. Кыргыз элинде: «Келин жердигин айтпайт, барган жерин айтат», «Кыздын уругун сурабайт, өзү айтат» деген байыртадан эле келе жаткан түшүнүктөр ошол аялзатынын эр кишини сыйлоосунун туу чокусу болсо керек деген ойго жетеленесиң. Себеби бардык нерсе барып эле салыштырмалуулукка барып такалат. Адамдар дагы бири биринен ошол адамдык касиет-касирети, тагдыр жазмышы менен өзгөчөлөнүп, айырмаланып турат.

Жогорудагы санжырада баяндалгандай Карга бийдин ата-теги да жөнөкөй тегин адамдардардан эмес экендигин белгилөөгө болот. Бирок Карга бийге чейинки ар бир муунга токтолуп алардын жашаган доорун, эл оозунда айтылып калган окуяларына токтоло берип баяныбыз узарып кетпеси үчүн Карга бийдин же Карга акенин баянына көңүлүңүздөрдү буралы.

Мендегулдун тун уулу Сатыш жаштайынан тың чыгып, сүйлөгөн сөзү, кылган иштери менен элге жагып, эл оозуна алына баштаган мезгилде аны энеси өзүнүн төркүндөрүнө барып, коноктоп келүүгө уруксат берип жөнөтөт. Өзүн жалгыз жибербей жанына айылдагы балбан билектүү жигиттердин бири Казакбайды коштоп жиберет. Жолдо бир нече күн жол жүрүшүп, эч кимди жолуктурбай, ээригип келе жатышканда алдыларынан бир топ караанды көрүп, алардын каракчылар экендигин баамдабай Сатыш балалык кылып чаап барып жөн гана амандашканча болбой, «арттан кууп келе жаткан куугун» экен деген ойго келген каракчылар жаш баланы найза менен уруп өлтүрүп качкан бойдон кетишет. Артта келе жаткан Казакбай көз ачып жумганча болуп өткөн окуяга түшүнүп түшүнбөй, үлгүрүп үлгүрбөй, ортого арача түшө албай калып баланын өлүгүн кучактаган бойдон кала берет. Сатыш баланын сөөгүн зуңкуйтуп атка артып барганда, баласынын каракчылардын колунан мерт болгонун уккан эне күйүтүнө чыдабай, Казакбайды: – «Сатышымды сага табыштадым эле, сени Кудайга табыштадым эле. Топ кишилик алың бар эле. Тукумуң үчтөн ашпасын», – деп тетири каргыш бата айткан экен. Күйүттүү адамдын каргышы түз тиет дегени чын белем, каргышы өтүп кетиптир деп айтышат. Сатыштан кийин Самтыр, Боку, Байкиши аттуу уулду болушат.

Ошентип өлбөгөн жашоо уланып жаткан күндөрдүн бир күнүндө Карга акенин энеси суу алып келгени идиштерин көтөрүп алып, алышты карай кетип бара жатса, алдынан жылан чыгып алдын тосуп жатып алат. Байыртадан эле кыргыз «жылан үйгө кирсе, ак чач» дейт эмеспи, ак чачайын десе жанында ак жок, ойлонуп олтурбай башындагы ак жоолугун чече салып, жерге жайып, өзү жыланды айланып өтүп кетет. Сууга барып келгенче жылан такыр эсинен чыкпайт, чакасына сууну шаша-буша толтуруп кайра келсе, жоолукта жыландын карт териси калып өзү жок. «Түш болмоюн иш болбойт, аян болмоюн баян болбойт» дегендей чак түштө болуп өткөн окуяны эне жакшылыкка жоруп, айылдын элин бирин калтырбай чакырып түлөө өткөрүшөт. Туура бир жылдан кийин дагы бир балалуу болгондо, эне: – «Сатышымдын орду эми келди», – деген дешет [Асанбеков, 2011 : 14].

Кыргыз элинин балага ат коюу салтынын бир түрү боюнча, боз үйдөн сыртка чуркап чыкканда көзгө биринчи эмне көрүнсө жансыз болобу, жандуу болобу ошонун атын коюу адаты болгон эмеспи, анын сыңарыдай «Карга төрөлгөндө боз үйдүн чамгарагынан бир карга кетпей, какылдаптыр» [Асанбеков, 2011 : 14], деген маалыматты жолуктурабыз. Карга аты коюлуп калышына жогорудагы маалымат чындыкка өтө жакындашат.

Ошентип Карга эр жетип, үйлөнүп орун-очок алып калган кезде атасы Мендегул каза болот. Өлгөн адамдын ариетин, каада-салтынын баарын жасагандан кийин улуу агалары «атадан калган малды бөлүшөлү» деген маселени ортого коюшканда, Карга: – «Адегенде инилерибизди үйлөйлү, андан кийин бөлүштүрөлү», – деп туура, калыс сөзүн айткан экен. Туура сөз баарына жагып, инилери Ногой, Сүйөрдү үйлөнтүшкөндөн кийин атадан калган малды теңдеп бөлүшүп алышат. Демек, Карга кичинекейинен баштап тирикарак чоңоюп, акылы зирек болуп, аны менен улуу, кичүүлөрүнүн баары эсептешип, оюн-пикирин угушкан жана ага макул болушкан.

«Атанын байлыгы, балага байлык болбойт» дегендей атанын байлыгы балдардын бардыгына эле жуга бербейт. Ата өз байлыгын беш же он баласына теңдеп бөлүп бергени менен энчини бардыгы бирдей пайдалана албайт. «Бай мактанса бир жуттук, баатыр мактанса бир октук» болуп, бир заматта эле башканын колун карап калган эчен замандар өткөн. «Атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башта бар», «Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбет» деп айтылгандай бир туугандардын баары эле малга бай боло бербейт. Бири малга, бири башка, бири жашка бай болот. Мына ошол Мендегул атасынан калган малдын «куту» Байкиши менен Каргага «конот» экен. Бир кезде «мал чаап келүү», «жылкы тийип келүү» баатырдык өнөр, бир чети кесип, бир чети эрдик катары эсептелген. Себеби жуттан, кырсыктан же оорудан кырылып калган малдын ордун толтурабыз деп башка уруулардын, кошуна элдердин малын чаап келип турушкан. «Мал боор эт менен бир тең» дегендей колундагы малды ким эле берип койгусу келсин, жан-алы калганча малын талашып кармашат. Бирок күч тең болбой калган учурда адамдар мерт болгон. Мындай учурда көчмөндөр болсун, отурукташкан эл болсун «кун» төлөшкөн. Бул тагдыр баарынын башында турган.

Ууру-кескиден, ит-куштан сактанган байлар жылкыларын чогуу жайып, чогуу көздөө адатка айланган мезгил экен. Адаттагыдай эле Байкиши менен Карга дагы өз малын «сарыкатын» урусунун байларынын жылкысы менен чогуу багып жүргөн күндөрдүн бир күндөрүндө сарбагыш уруусунан чыккан «баатырлар» жылкыга тийишет. Айдап кеткен жылкынын артынан куугун түшүп, жаңжал чыгып, эки тараптын чабышында Байкиши жылкы тийген тараптын бирөөсүн союл менен өлтүрө чабат. Адам өлдү. Көчмөндөрдүн эрежеси боюнча өлгөн адамга кун төлөнүшү шарт. Бирок канча өлчөмдө төлөнүшү керек? Себеби ал адам дагы ак жеринен эле өлгөн жок да? Сарыкатындар «кундун жарымын төлөйсүңө»р десе, куугунчулар «жетиден экисин гана төлөйбүз» деп эки тарап келише, чечише албай тирешип калат. Чыр күчөгөндөн күчөп бара жатканда бул маселени чечүү үчүн калыска барууну, ошол кандай чечсе баарына макул болууну туура көрүшөт. Ошентип кыз алып, кыз беришип, бирге жайлоолошуп көчүп-конуп жүрүшкөн казак туугандардан калыс кылууга токтолушат. Калыска барганда эки тарап бирдей болгон окуяны, өз чындыктарын түрдүү өңүттө айтып бүткөндөн кийин, эң артында Карга:

Көп курусун, көпкө бүткөн көз курусун,

Аз курусун, азга бүткөн сөз курусун.

Көп курусун, көпкө бүткөн мал курусун,

Аз курусун, азга бүткөн жан курусун, – деп айтып калат [Асанбеков, 2011 : 15]. Мааниси терең айтылган ойду уккан калыс, сөзгө, акыйкатты белгилегенине өтө ыраазы болуп, таң берип, Карга тараптын пайдасына «кундун өлчөмү жетинин экиси болсун» деп чечиптир. Мына ошол окуядан кийин Байкиши эки тизгин бир чылбырды, сөз алып кеп айтканды: – «Малдан алдырсам – маа, Кептен алдырсаң – саа», деп Каргага бийликти өткөрүп берген экен дешет.

Түрдүү макал-лакаптарды, акыл-насааттарды бардыгыбыз эле угуп, айрымдарыбыз аны пайдаланып деле жүрөбүз. Бирок ошол алптын күчүн, аламаттын илебин токтотуп койгон сөздүн күчүн кимибиз кандай кабыл алып жатабыз? Мына маселенин бардыгы ушул жерде. «Жамандан жакшы туулат, адам айтса ынангысыз. Жакшыдан жаман туулат, бир аяк ашка алгысыз» дегендей кээ бирибиз билген нерсебизди жеткиликтүү айтып бере албай, тилибиз күрмөлүп, ой жетип тураганы менен тил жетпей, аба жетпей, өз шилкейиңе өзүң чакап туруп каласың. Туура ойлонуу, ойду даана, так элге жеткирүү дагы чоң машакаттуу иш экендигин танууга болбойт. Бул мезгилге чейин деле, бүгүнкү күндө дагы улуттук лидерлер даанышмандыктын «көзүн» табып, элин акыл күчү аркылуу акыйкаттык менен башкарып келсе, алардын кылган иштери, айткан акылман кептери калктын кадырлаган ооздон оозго өткөн мурастарына айланып келген.

Карга аке дагы өз учурунда эл башы-бий болуп жеңил эле келип калбаптыр. Көчмөндөрдүн салты боюнча атанын байлыгы балдарына теңдеп бөлүнүп берилсе, бийлик бир гана баласында калган. Ал эми «бий» элди каалагандай башкаруу, дөөлөткө тутунуп олтуруу дегенди түшүндүргөн эмес. Элдин кызыкчылыгы үчүн күрөш дегенди туюндурган. Үй бүлөнүн урушунан, эрди-катындын чабышынан баштап, ууруларды жазалоо, жер-жайыт талашуу көйгөйлөрүн, каада-салттын аткарылышын көзөмөлдөгөн, түрдүү машакаттардын баарын чечкен жана аларга жооп берген чоң жоопкерчиликтүү кызмат болгон.

Элди күч менен эмес акыл менен гана башкарган учурда ынтымак-ырыс, тынчтык орнойт. Ал эми калган учурларда өнүгүү эмес, жок болуп кетүү коркунучу туулат. Ынтымакка, биримдикке чакырууга акыл көрөңгөсү кемибеген кеменгерлер гана жараган. Анда Карга акенин калың элге калтырган осуятын мисалга тартып көрөлү:

... бирдик орногон жерде, тирдик бар,

Ынтымак көкөлөтөт, чыр-чатак көмөлөтөт.

Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын бак.

Ынтымак болсо үйүңдө, ырыскы толоор күнүгө.

Ынтымактан айрылдың, ырысыңдан кайрылдың.

Биримдиги жок эле тозот, биримдиги күчтүү эл озот.

Ийгилик башы ынтымак, ынтымак болсо күн чубак.

Душманга өздөй караба, түшөөрсүң бир күн санаага.

Душманың кылдай болсо тоодой көр, ийнедей болсо төөдөй көр.

Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетир.

Жоо жакаласа, бөрү этектейт.

Жоолашкан эки элди бириктирүү үчүн кайраттуу кол керек, акыры түбү акылы мол жан керек, – дептир. Жогорудагы «ат башындай алтынга» да алмашкысыз уңгулуу сөздөрдүн баары ынтымакка, биримдикке чакырылган насааттар экендигин эч ким танбаса керек. Демек, ошол мезгилде да кыргыз элинде анын ичинде ири уруулардын ортосунда ынтымак, биримдик жетишпей келген. Себеби ар ким өзүнүн кокту-колотуна, урук-уруусуна элине ээ болуп ээлик кылса, ошого канагат кылышкан. Карга бийди мындай майда бөлүнүп-жарылуулар, өзгөчө Бугу уруусунун чачырап бөлүнүшү көп ойлонткон өңдөнөт. «Бугу уруусунун баарынын башын бир бириктирсе, баш-көз боло алса, ага бир Боромбай жарайт» деп, ал өз сөзүндө:

– Оо, Боромбай султаным.

Бийликтин күчү биримдик.

Биримдиги жок болуп,

Бугу эли алды-алдынан бүлүндүк.

Жолубузга сакчы бол,

Журтубузга башчы бол.

Манас атаңдын осуятын тутунуп,

Кулаалы таптап куш кылгын,

Курама жыйнап журт кылгын.

Ар уруу элди курап ал,

Адилет карап сурап ал.

Көп элди көп экен деп көкөлөтпө,

Көп элге аз элиңди чөгөлөтпө.

Бирин ашынта мактап,

Экинчисин басынта мактаба.

Узун карап тең сана,

Убайга салбай кең кара.

Айтканың жерде калбасын,

Канатың карып талбасын.

Жүрөгүң кабында болсун,

Акылың табында болсун.

Сен – түндүк, биз уукпуз,

Бирде жылуу, бирде суукпуз.

Оң, солун өзүң билээрсиң,

Көңүлүңө илээрсиң.

Кар эрибей сел болбойт,

Калк жыйылбай эл болбойт.

Башчы акылман болбосо,

Башка журт менен тең болбойт.

Хан кара өзгөй болсо өлгөнү,

Өзүн өзү тирүүлөй көмгөнү.

Хан жаңылса кадыры кетет,

Калк кыйналса сабыры кетет.

Жакыныңдан алыс бол,

Жалпы журтка калыс бол.

Ойлонбой ишиң баштаба,

Баштаган ишиң таштаба.

Акыл – сокур адамга көз,

Өлөсөлүү жанга сөз, дудукка тил.

Айласыз акимдин айланасында акмактар көп болот,

Айлалуу акимдин айланасында акылдуулар топтолот.

Акылдуунун акылы жугат,

Акылсыздын кесири жуга.

Акылдан жакын дос барбы,

Ачуудан жаман кас барбы?

Тамган жериң каска кетпесин,

Талаа-түзүңө көз арткан жетпесин.

Акылдуу башчы жоктон бар кылат,

Акылсыз башчы барды жарга урат.

Амалдуу какырдан чөп чыгарат,

Жалгыздан көп чыгарат.

Кемтигиңди биле жүр,

Керейбей кепти иле жүр.

Казака канатташ-табакташ бол,

Оруска ооматташ-сабакташ бол.

Көл толкуса толкусун, эл толкубасын.

Бейпил жашап чочубасын.

Касыңа жан тартсаң, башыңа кан тартат.

Айткан акылым сага ашыкча болбос. Анын үстүнө өзүң деле акыл-эстүү, экинин бири болгон абройлуу жансың. Жашың аз-көп эмес, кыркка чамалап калдың.

Жети өлчөп, бир кесе бил.

Күлгөндүн баары дос эмес,

Күйгүзө айткан кас эмес.

Калк айтса, калп айтпас.

Ак бол, так бол,

Ар балээден сак бол. Ал эми мына бул алкынган ак боз атымды ак дилден алдыңа тартып, кылым карыта жашаган ак батамды аянбай берип жатамын. Анымды жүрөгүң менен ак ниетиңден кабыл алып кой» [Асанбеков, 2011 : 34-35; Мамбетов, 2013 : 17-18;] – деп Карга аке Боромбай бийге ак батасын бериптир.

Эми жогоруда Карга аке Боромбайга алгач кайрылганда эле «султаным» деп атап өттү. Биз ушул сөздү тактап алууну ылайык көрүп турабыз. К.Юдахиндин сөздүгүндө «султан» термини бир нече мааниси менен берилген. Алсак, 1) кээ бир мусулман өлкөлөрүндө монархтардын титулу; 2) хан тукумунун мүчөсү; 3) кооздук (көбүнчө аскердин баш кийимдерине тагылуучу бир тутам куш жүкү же бир топ кыл); 4) асылзат (эпостордо берилет) [Русско-кыргызский словарь, 2012 : 840]. Демек, берилген төрт маанинин ичинде Боромбай бийге төртүнчү мааниси туура келгендигин баамдаса болот. Анын жеке адамдык сапатына карата «эл берген наам» деп караса болот.

Бул ойду изилдөөчү К.Исмаев дагы төмөндөгүдөй өңүттө тастыктап өтөт: – «Ал (Боромбай бий – К.О.) өз элинин камкор, көсөм жетекчиси, ар кандай саясий, согуштук иште алысты көрө билген кылдат стратег, ири демократ, феодал, куюлуштуруп сүйлөгөн чечен, акын болгон. Ал мамлекеттик чебер ишмер, элдин бакубаттыгы үчүн күч-кубатын, аң-сезимдүү өмүрүн тартуулаган адам болгондуктан, өмүрүнүн акырына чейин көл бугусунун гана улуу даражалуу өкүмдар-манабы эмес, бугу уруусу менен танапташ, аралаш жашаган дөөлөс, саруу, мундуз, коңурат, саяк, катаган ж.б. уруудагы элдердин да даанышман, кара кылды как жарган калыс, адилет жетекчиси болгон. Ошондон улам эл аны жигит пири Султан деп аташкан [http://nbisu.moy.su/_ld/3/392_Ismaev_Kangeldi.pdf]. Бул маалыматтардан улам биз анын «султан» даражасын алышы бийликтеги адам катары эмес, адамдык мыкты, асыл сапаты үчүн эл тарабынан берилген. Демек, Боромбай бийдин жалпы көл өрөөнүнө бий «жылдызы» жанып калышына Карга акенин чоң таасири тийгендиги, анын ыраазы-макулдугу менен «Бий» даражасын алгандыгын көрүүгө болот.

«Дарактын жемиши канча болсо, шагы ошончо ийилет» дегендей «журт атасы» даражасына жеткен адамдарга жакындан, алыстан жол арбытып көптөгөн адамдар саламга келип, ал-акыбал сурашып, нускалуу кептен улашып, сөз «атасын» таанытышып, коюн-колтук сыр алышып кетип турушкан. Ошондой күндөрдүн бир күндөрүндө Карга акенин үйүнө Белек уруусунун бийи Бирназар бий конокко келип калат. Келген конокту түнөтпөй, конок каадасын кылбай кетирүү бир адам үчүн эмес бүтүндөй бир уруу үчүн кечирилгич чоң күнөө, бул үчүн керек болсо айып дагы төлөшкөн. Келген коноктордун дагы даражасына жараша мал союлган. Тактык үчүн айта кете турган нерсе, үй ээси келген адамдан кетээрин эч качан сураган эмес. Көчмөн жашоо аларды өтө кыраакы болууга тарбиялаган. Болгону аттан түшүп келе жаткан адамдын камчыны кайсыл абалда алып келе жатышын тактап билип коюу жетиштүү болгон. Алсак, эгер камчы аттын ээринин кашында илинүү бойдон калса, шашылыш кабар менен жүргөн же чабарман; эгер камчынын өрүмүн жерге сүйрөп келе жатса, душмандашканы; эгер камчыны эки бүктөп өтүгүнүн кончуна салып кое турган болсо, жатар конок; эгер камчыны кош бүктөп колуна кармап келе турган болсо, өкүм угузган; эгер камчынын мойнуна салып келсе, кечирим сурап келген. Демек, жогорудан көрүнүп тургандай келген адамдан сурабай эле үй ээси өзүнүн конок тосуу, узатуу милдетин акыбалына жараша аткарууга киришкен.

Даражалуу конок катары Бирназар бийге чоң чый урмат көрсөтүлүп, атайын арналып мал союлуп, тамак алдыга келген чейин ата-бабалардын улуу сөздөрү, баяндуу санжыралары айтылып отурат. Мындайда коноктор минип келген аттардын ээр-токумун алуу, таң ашыруу, таң атпай отко коюу үй ээсинин, үй кызматкерлеринин иши болуп эсептелинет. Карга бий дагы үй ээсинин милдетин унутпай, аттарды «жайлап» коюу үчүн кызмат кылып жүргөн жигиттерге буйрук кылат. Аттардын сууту кана эс алышына, экинчиден алыс кетип калбашы үчүн аттарды таң сөгүлө баштаган мезгилде отко коюу кыргыздардын байыртадан эле келе жаткан адаты. Бирок бул саам аттар кыйналбай жол жүрүп келгенгеби же замандын тынч учурунанбы аттарды, коноктордун жатаар алдында агытып жиберишет. Балээнин баары эрте менен коноктордун аттарын кармап келип, ээр токуурдун алдында башталат. Ошончо аттын ичинен Бирназар бийдин минип келген Ак боз жоргосу жок болуп чыгат. Чоң бийдин минген атынын жоголушу көчмөн кыргызды, Карга акенин айылын түрдүү ойго салат. Мындай мамиленин арты жаңжал менен же чоң согуш менен аякташы мүмкүн. Айласы алты жерден кеткен Карга аке айылындагы шектүү бала-чакалардын баарын чогултуп, алгач жакшы айтып, жай түшүндүрөт. Бирок эч ким мойнуна албастыгын түшүнгөндөн кийин:

– Баарыңар ушул аңдан аттап өткүлө, аттай албаганың арам өлсүн. Ак болгонуң аттап өтүп кетесиң, – деп тетири батасын жүзүнө тартып жиберет. Карга аке айтып сөзүн жыйганча топ балдар аңдан биринин артынан бири секирип өтүп кетишет. Бир гана өзүнүн кара чечекей баласы аңдан секиргенде аңдын экинчи жээгине жетип барып бир тийип, бирок бутуна тура албай, аңдын таманына кулап түшөөрү менен жаны үзүлүп кетет экен. Ошондо Карга бий:

– Менин мындай балам жок деп эсептеп койгула. «Кары кайтса кадыр, жаш кайтса жабыр» деген. Бирок канчалык кабыргам кайышып турса дагы «калыстык» деген нерсе мени сөөмөйү менен сайгылап турбайбы. Мындан ары анын атын оозанчу болбогула. Каранын иши ар качан кара болот. Ал Кудайдан өз жазасын алды. Жар көчүрүп, иттин өлүгүндөй кылып көөмүп салгыла. Анын түбөлүктүү жайы дал ушундай жар, жаткан жери өзү каалагандай тар болсун. «Жаманга кейиш болбойт, жаннатта бейиш болбойт». Буга аздектеп топурак салыш дагы арам иштин белгиси, – деп айтып, али денеси муздай элек баласынын сөөгүн айланып, артына бир кылчайып карап койбой басып кеткен дешет [Мамбетов, 2013 : 20-21].

«Жамандын жанын сактаганча, жакшынын кадырын сакта» дегендей көрсө, Карга акенин уулунун көзүнө эч нерсе көрүнбөй көпкөндүктөнбү же ажалы ошол себептүү болгонбу, айтор, Бирназар бийдин Ак боз жоргосу көзүнө жакшы көрүнүп, жолдошторун көндүрүп, чогулуп союп алышкан экен. Бирназар бий Карга акенин касиет-касиреттүү улуу адам экендигине дагы бир жолу ынанып, атынын кунун кечип, эч жерде сөз кылбоону өзүнө убада кылып, өлгөн баланын күнөөсүн кечип, Карга аке мингизген атты минип жөнөп кетиптир.

Карга акеден калган дагы бир миң санатка көңүлүңүздөрдү буралы:

Балдарыма Алла-Таллам ырыскы берсе тең берсин,

Бербесе бардыгына бирдей кем берсин.

Кудайым тең тууганга тепселетпесин,

Текебер арттырып жемелетпесин.

Теңирим тааныбаган «темене акыл» тууганыңа чөгөлөтпөсүн.

Алды тең тууганың теңириңе карабайт.

Барын көрө албайт, жогун асырай албайт.

Ошондуктан туугандан сууган жаман болот.

Жат жарасы айыгат, тууган жарасы айыкпайт.

Тууганга күнкор, ары түрткүнчүк, бери түрткүнчүк болбой,

Туугандын көңүлүн калтырбай жүргөн жакшы.

«Түбү бирге түтүшпөйт» жаман тууганыңды жерип,

Бирөөнүн жакшы тууганы тууган болуп бербейт.

Сындашкан туугандан сырдашкан тууган озот.

Бирок тууганды, ынтымакты кураштырган, сулаттырган дагы аял болот. Мына ушуларды биле жүргүлө [Мамбетов, 2013 : 21], – деген экен кайран кеменгер Карга аке.

Сүйлөгөн сөздөрүнүн баары алым-сабак, насаат-санат болгон, акылдын көзүн ачкан Карга акенин карманган, тутунган урааны акыйкаттык, калыстык, чындык гана болуптур. Басса-турса маселдетип сүйлөгөн даанышман кары төмөндөгү акыл-насааттарды дагы бизге калтырыптыр:

Кудайымдын бергени угулбайт,

Жалгаганы туюлбайт.

Эр менен эрдин эрегишинин эбин тапса болот.

Кудайым, эл менен элдин эрегишинен Кудай сактасын.

Эрдин эрегиши мал менен бүтөт,

Элдин эрегиши кан менен бүтөт.

Аздын шору арбын.

Тең туугандын кем тууган жаман.

Эрин сойсоң – эли бар,

Малын чапсаң – беги бар.

Жер жабырын казган билет,

Калк кадырын азган билет.

Жол катуусун баскан билет,

Жан таттуусун качкан билет.

Жылдыздын сырын асман билет,

Жылкынын сырын баккан билет.

Туякка – жер тирек,

Канатка – жел тирек.

Карага – мал тирек,

Ханга – эл тирек.

Күнөө кылгандын күйүтү ичинде.

Алтынды таш катат,

Акылды баш катат.

Сабыр – сакалдууда,

Санаа – акылдууда.

Эл көрүп сөзү ачылат.

Жер көрүп көзү ачылат.

Жалгызды тул дейт.

Жаманды кул дейт.

Темирди корго малат,

Терини шорго малат.

Сөздүн көбү дурус эмес, төбү дурус.

Тең тууганга текеберлик кылба.

Сараңга бересе болбо,

Санаасы бузукка келеке болбо.

Жылың жай өтсүн, жаның бай өтсүн.

Сараң санаадан өлөт.

Бир үйдү билген аялда чен барбы.

Төөнү буйла жетелейт.

Төрөнү айла жетелейт.

Ылайым эки эриктирбеген, бир элди бириктирбеген касаптардан оолак кылсын. Ынтымак ырыстын иши, ал эми ыркы кеткен уруштун иши [Асанбеков, 2011 : 26; Мамбетов, 2013 : 20], – деген тура кайран гана кеменгер Карга аке.

Акындардын санат ырларындай уйкаштыгы, уюткулуу акыл кептеринин терең маанилүүлүгү анын жөнөкөй эмес кыдыр жылоогон, касиет даарыган, башкача жаралган адамдардан экендигин далилдеп турат. «Сөз баштаган эл баштайт», «Көч баштаган мыкты болсо, конуш жакшысын ар ким табат», «Өспөс өзүн ойлойт, өсөөр өзгөнү ойлойт», «Тил – жүрөктүн тилмечи» дегендей өмүр көрөңгөсү элдин жалаң ынтымагына, биримдигине, өнүп-өсүүсүнө арналып, жашоо шаңы аягына чыкканга чейин эл арасында «Түшпөс бий», «Калыстыкты Карга акеден тап» деп өмүрү улуу жомокко, ооздон оозго көчкөн лакапка, көркөмү бузулбаган дастанга айланган Карга акенин тарыхтагы ордун жана ролун кийинки муун унутпай аздектеп алат чоң ишенимдебиз.

Бул макаланы жазуудагы биздин максатыбыз улуу көркөм сөз өнөрүнүн өкүлдөрүн, алардын улуу мурастарын мүмкүн болушунча калктын калың катмарына жайылтуу, сөздүн гүлү менен берметтин терип сүйлөгөн чечендердин өткөн өмүрүн даңазалоо жана сөз өстүрүү болуп саналды. Ошондуктан ойго ойлордун улануусуна, сөзгө сөздөрдүн жалгануусуна чакырабыз.

Колдонулган адабияттар:

1. Асанбеков К. Ысык-Көлдүн жети акеси: Илимий-популярдуу басылма. – Каракол, 2011. – 177 б.

2. Жантөшов К. Тандалма чыгармалардын беш томдугу. – Б.: «Улуу тоолор», 2014.

3. Мамбетов К. Ысык-Көлдүн даанышман акелери: Тарыхый даректүү басылма. – Каракол, 2013. – 228 б.

4. Кыргыз элинин чечендик өнөрү / түзгөн жана жазган: Капалбаев О.Э. – Б., 2015. – 352 б.

5. Русско-кыргызский словарь: 51000 слов / Пол ред. К.К.Юдахина. – Б.: «Кут Бер», 2012. – 992 с.

6. http://www.sanjyra.kg

7. http://kmb3.kloop.kg

8. http://nbisu.moy.su/_ld/3/392_Ismaev_Kangeldi.pdf

9. http://traditionalknowledge.org/?page_id=4212&lang=ru

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Уясына кам көргөн чымчыкча боло албасаң...

Кыргыздардын териден жасалган салттуу бут кийимдери

Элдик даанышмандык

Жакшыдан жаман туулбашы керек

Сөздүн күчү, сындын сыры

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
X
Для размещения комментария авторизуйтесь